Эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү
- 18.12.2025
- 0
2025-жылдын 18-декабрында Ош мамлекеттик университетинде Erasmus+ программасынын маалымат күнү өттү. Иш-чараны Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Делегациясы жана Erasmus+ Улуттук кеңсеси, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана ОшМУнун жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Маалымат күнү — бул Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн Европа Биримдигинин эл аралык билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн маанилүү аянтча. Иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жогорку окуу жайлардан 150дөн ашык өкүлдөр катышты. Алардын арасында эл аралык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, окутуучулар, Erasmus+ долбоорлорунун координаторлору жана академиялык мобилдүүлүккө кызыккан студенттер катышты.
Катышуучуларды саламдашуу сөз менен Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло мырза, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Омуров жана ОшМУнун проректору Аттокуров Курсантбеккайрылышты. Алар өз сөзүндө жогорку билим берүүдөгү эл аралык кызматташуунун жана санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, академиялык мобилдүүлүктүн жана ЕС университеттери менен биргелешкен долбоорлордун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүштү.

Катышуучуларга Erasmus+ программасы боюнча 2021–2027-жылдарга карата негизги маалыматтар, анын ичинде төмөнкү негизги багыттар тааныштырылды:
- Жогорку билим берүү чөйрөсүндө потенциалды жогорулатуу долбоорлору (CBHE);
- Эл аралык кредиттик мобилдүүлүк (ICM);
- Жан Моне иш-аракеттери (Jean Monnet Activities).
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын, анын ичинде ОшМУнун ийгиликтүү BERNICA долбоору менен Erasmus+ программасына катышкан мисалдары сунушталды. Бул тажрыйбалар катышуучуларды жаңы конкурстук сунуштарды даярдоого жана Европа университеттери менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө шыктандырып, дем берди.
Erasmus+ деген эмне жана ага кантип катышса болот?
Erasmus+ — бул Европа Биримдигинин эң ири билим берүү программасы болуп, академиялык мобилдүүлүктү, санарип трансформацияны, инновацияларды жана билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнү колдойт. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары Erasmus+ программасына катышуу үчүн европалык университеттер менен консорциум түзүп, жогорку билимди модернизациялоого жана интернационалдаштырууга багытталган долбоорлорду даярдоого мүмкүнчүлүк алышат.
Ош шаарындагы иш-чара Кыргызстандын түштүгүндөгү жогорку окуу жайларынын жалпы европалык билим берүү мейкиндигине активдүү жана тең укуктуу катышуусуна дагы бир кадам болду. Маалымат күндүн жыйынтыктары региондогу университеттердин эл аралык кызматташтыкка кызыгуусунун өсүп жатканын жана жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө даяр экенин далилдеди.




Комментарийлер