ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
- 11.12.2024
- 0
ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев Австриянын Зальцбург университетинин профессору Шахнаваз жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин эл аралык мамилелер боюнча проректору, профессор А.Чымыровду кабыл алды. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окумуштуулар ОшТУнун эсептөө техникасы жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо кафедрасынын студенттери жана магистранттары менен жолугушуп, конок лекция өтүштү. Ошондой эле, кафедранын жамааты менен эки тараптуу кызматташуу, эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу ж.б. маселелерди талкуулашты. Зальцбург университети, КМТУ жана Ош технологиялык университети 15 жылдан бери кызматташып, тыгыз байланышта иш алып барат жана бир нече эл аралык долбоорлорду ишке ашырып келет.
Учурда ОшТУда геоинформатика(GIS) адистиги боюнча магистратура жана PhD программалары ачылып студенттер билим алууда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер