ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 21.02.2022
  • 0

Бишкектин чеке-белиндеги «Дордой» конушунда жайгашкан №94 орто мектепте «Тил — достуктун ачкычы» аттуу тил майрамы болуп өттү.

ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Эл аралык Эне тил күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чараны мектептин кыргыз тили мугалимдери уюштурду. Тил майрамында ар бир класс өзүнө бөлүнгөн тилди ыр-күүгө салып даңазалашты.

Таймаштын калыстар тобунун чечими менен Гран-при «Орус тили» (жетекчиси Далбаева Дилбара), 1- орун «Түрк тили» (жетекчиси Асанова Мундуз), дагы бир 1-орун «Азербайжан тили» тобуна (жетекчиси Гүлжигитова Шаангүл), 2-орун «Англис тили» (жетекчиси Тажибаева Гүлмира), дагы башка 2-орун «Казак тили» тобуна (жетекчиси Наргозуева Элмира), 3-орун «Өзбек тили» (жетекчиси Муңайтбасова Айгүл), ушул эле орун «Корей тили» (жетекчиси Орозалиева Таңчолпон) тобуна ыйгарылды.

Тил сынагы жогорку деңгээлде өттү.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер