“САРМЕРДЕН”: ЭКИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН МАДАНИЙ ТАЙМАШЫ
- 24.03.2026
- 0
24-мартта Нооруз майрамына карата №18 кесиптик лицейи менен “Анадолу” кыргыз-түрк кыздар лицейи биргеликте “Сармерден” аттуу маданий иш-чара өткөрүп, улуттук салт менен заманбап жаштар маданиятын айкалыштырган өзгөчө майрамдык атмосфера жаратты.

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, ошондой эле Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышып, жаштардын демилгесине күбө болушту.
Ачылышта сөз сүйлөгөн Альберт Махметкулов мындай маданий иш-чаралардын тарбиялык маанисине өзгөчө токтолду. Анын айтымында, “Сармерден” сыяктуу улуттук оюн-зооктор жаш муунду каада-салтка, эне тилге жана маданиятка жакындатат. Ошондой эле ал жаштардын активдүү катышуусу алардын чыгармачылык дараметин ачып, коомдо өз ордун табуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Майрамдык программа этно-фуршет менен башталып, конокторго кыргыздын улуттук даамдары сунушталды. Андан соң эки лицейдин студенттери тарабынан даярдалган өндүрүш көргөзмөсү уюштурулуп, алардын кесиптик чеберчилиги көрсөтүлдү. Иш-чаранын өзөгүн түзгөн “Сармерден” оюн-зоок бөлүгүндө катышуучулар ыр-бий, айтыш, тамаша аркылуу күч сынашып, көрүүчүлөргө шаң тартуулашты.
Бул иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин бай маданий мурасын даңазалоо, эне тилди жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу менен катар жаштарды ынтымакка, биримдикке жана адеп-ахлакка тарбиялоо болуп саналат. “Сармерден” ошол максатка жетүүнүн жандуу мисалы катары эки лицейдин ортосундагы достукту бекемдеп, жаштардын руханий дүйнөсүн байытууга салым кошту.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер