«EdNeT» ОШМУГА ЭКИ СЫЙЛЫК ЫЙГАРДЫ
- 04.12.2018
- 0
«EdNeT» агенттиги жыл жыйынтыгында ОшМУга “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” жана “Сапат эволюциясы-2018” деген аталыштагы 2 сыйлыгын ыйгарды.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү жаатындагы сапатка кепилдик берүүчү «EdNeT» агенттиги уюштурган жыл жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.
Ушул эле күнү «EdNeT» агенттиги жыл ичи уюштурулган “Сапат эволюциясы-2018” жана “Сапаттуу окуу программалары-2018” деген эки чоң премияларын тапшырды. Ош мамлекеттик университети “Сапат эволюциясы-2018” сыйлыгынын жеңүүчүсү деп табылды. Сыйлыктар 30-ноябрда Бишкек шаарында өткөн жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковго тапшырылды. Ал эми “Сапаттуу окуу программалары-2018” премиясы ОБСЕ Академиясына берилди.
Ошентип «EdNeT» агенттиги бир күндө Ош мамлекеттик университетине “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” жана “Сапат эволюциясы-2018” деген аталыштагы 2 сыйлыгын ыйгарды.
Комментарийлер