«EdNeT» ОШМУГА ЭКИ СЫЙЛЫК ЫЙГАРДЫ

  • 04.12.2018
  • 0

«EdNeT» агенттиги жыл жыйынтыгында ОшМУга “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” жана “Сапат эволюциясы-2018” деген аталыштагы 2 сыйлыгын ыйгарды.

«EdNeT» ОШМУГА ЭКИ СЫЙЛЫК ЫЙГАРДЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Билим берүү жаатындагы сапатка кепилдик берүүчү «EdNeT» агенттиги уюштурган жыл жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.

«EdNeT» ОШМУГА ЭКИ СЫЙЛЫК ЫЙГАРДЫ

Ушул эле күнү «EdNeT» агенттиги  жыл ичи уюштурулган “Сапат эволюциясы-2018”  жана “Сапаттуу окуу программалары-2018” деген эки чоң премияларын тапшырды.  Ош мамлекеттик университети “Сапат эволюциясы-2018” сыйлыгынын жеңүүчүсү деп табылды. Сыйлыктар  30-ноябрда Бишкек шаарында өткөн жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковго тапшырылды. Ал эми “Сапаттуу окуу программалары-2018” премиясы ОБСЕ Академиясына берилди.

Ошентип «EdNeT» агенттиги бир күндө  Ош мамлекеттик университетине  “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” жана “Сапат эволюциясы-2018” деген аталыштагы 2 сыйлыгын ыйгарды.

Бөлүшүү

Комментарийлер