ЭДИЛЬ БАЙСАЛОВ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУК БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

  • 18.02.2025
  • 0

17-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун күч алышына байланыштуу чукул кеңешме өткөрдү.

Ага  министрликтердин жетекчилери, облустардагы Президенттин өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышты.

ЭДИЛЬ БАЙСАЛОВ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУК БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Кеңешменин жүрүшүндө өспүрүмдөр арасында рэкетчилик, ур-токмокко алуу, коркутуп-үркүтүү, мушташ сыяктуу коомго жат көрүнүштөр күч алганы, бул коомчулукту катуу тынчсыздандырып жатканы айтылды. Кеңешменин катышуучулары өспүрүмдөр арасында ар кандай формадагы кылмыштуулуктун күч алышынын себептери тууралуу өз ойлорун ортого салышты, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгууну сунушташты.

Э. Байсалов  жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында жер-жерлерде кеңешмелерди өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер