ЭДИЛ БАЙСАЛОВ МУГАЛИМДЕРДИН ОЙ-ПИКИРИН УГУУДА

  • 11.12.2025
  • 0
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 11-декабрда Бишкек шаарындагы №68 мектепке барды.
Иш-чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева да катышты.
Эдил Байсалов мектептин мугалимдер жамааты, анын ичинде башталгыч класстардын окутуучулары менен жолугуп, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү тууралуу пикир алышты.
Мугалимдер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдирип, учурдагы жаңылануу процесстерине байланышкан суроолорун талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жолугушуунун негизги максаты — мектептердеги өзгөрүүлөрдүн жүрүшү менен жеринен таанышуу жана педагогдордун пикирин угуу экенин белгиледи.
Бөлүшүү

Комментарийлер