ЭАУДА СТУДЕНТТЕРДИН XXVI СПАРТАКИАДАСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ

  • 28.10.2019
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте күндүзгү окуудагы студенттердин XXVI спартакиадасы соңуна чыгып, анын салтанаттуу жабылышы 25-октябрда болду.

ЭАУДА СТУДЕНТТЕРДИН XXVI СПАРТАКИАДАСЫ  СОҢУНА ЧЫКТЫ

Спартакиадада волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартыш сыяктуу спорттун салттуу түрлөрү менен бирге спорттун улуттук түрлөрү болгон тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча да мелдештер өткөрүлдү. Спартакиада күндөрү ЭАУда чыныгы спорт майрамы болуп, окуу жайда зор спорт кумары өкүм сүрүп турду. Бир нече командалар байгелүү орундар үчүн татаал атаандаштыкта жарышып, алардын күйөрмандары болгон студенттер да, профессор-окутуучулар курамы да өздөрүнүн командаларынын жеңиштерине сүйүнүшүп, жеңилип калган учурларда кубат берип турушту. Натыйжада байгелүү орундарга жетишкен командаларга кубоктор, тийиштүү даражалары боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди. Спорттун ар бир түрү боюнча мыкты оюнчуларга да өз алдынча сыйлыктар ыйгарылды. Спартакиаданын соңунда ректорат тарабынан ушундай сонун спорт майрамын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн окуу жайдын дене тарбия жана спорт кафедрасына ыраазычылык айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер