ЭҢИЛЧЕКТЕГИ МЕКТЕП КҮЙҮП КЕТТИ, БИРОК САБАКТАР ТОКТОГОН ЖОК
- 04.03.2024
- 0
Жекшемби 3-мартта Эңилчек айылында башталгыч мектептин имараты күйүп кетти. Бирок окуу үзгүлтүксүз уланып жатат, учурда балдар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда.
Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылынын Эңилчек башталгыч мектебинин биринчи имараты 1970 -жылы ишке берилген. Мектеп 50 орундуу, ал эми учурда окуучулардын саны 23 балага жетти.
Өрттун чыгуу себептерин ӨКМ иликтеп баштады.
Бөлүшүү
Комментарийлер