ЭҢ БИЙИК «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ МУГАЛИМИ» НААМЫ КАЙТАРЫЛАТ
- 18.03.2026
- 0
Жогорку Кеңештин депутаты, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушталган мыйзам долбоору экинчи окуудан ийгиликтүү өттү. Эми 2-берененин 3-бөлүгүндөгү 1-пунктунун алтынчы абзацы “Кыргыз Республикасынын эл мугалими” деген түшүнүк менен толукталат. Бул өзгөртүү мугалимдердин коомдогу статусун көтөрүүнү жана алардын каармандык эмгегин мамлекеттик деңгээлде баалоону көздөйт.

2017-жылы мыйзамдан чыгарылып калган «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамы кайрадан тизмеге киргизилүүдө. Бул наам мугалимдик кесиптин эң бийик социалдык статусу катары таанылат. Наамга ээ болгон жана профили боюнча социалдык тармакта иштеген адистерге мамлекеттик бюджеттен тиешелүү үстөк акылар төлөнөт. Эмне үчүн бул маанилүү?
— 2001-2017-жылдар аралыгында бул наамды 25 эле адам алган. Учурда алардын жетөөсү гана арабызда бар, калгандары бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Максатыбыз — мугалимдик кесипти жагымдуу кылуу, таланттуу адистерди билим берүү тармагына тартуу жана жаңы муунду шыктандыруу. Эки окуудан, буюрса, өттү. Биринчи окууда Концепциясы жактырылды. Экинчи окууда болсо негизги сунуштар 2-берене, 3-бөлүк боюнча кабыл алынды. 3-окуу күтүлүүдө, ал кийинки жумада каралат. Президент кол койгондон кийин мыйзамдагы өзгөртүү расмий күчүнө кирет. Министрлер Кабинети оң корутундуну берди. Мугалим — бул жөн гана кесип эмес, окуучулардын дараметин ачып, жаңы муунду тарбиялоочу миссия. Бул наамды кайтаруу менен биз билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн келечегине жол ачабыз, — дейт Токтобүбү Ашымбаева.
Бул долбоор коррупциялык же терс социалдык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле эл аралык келишимдерге жана колдонуудагы мыйзамдарга да каршы келбейт. Коомдук талкуудан өткөн (www.kenesh.kg).
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер