ДООРДУН ЧАКЫРЫКТАРЫНА    ҮНДӨШ КЕЛГЕН ИЗИЛДӨӨ

  • 03.04.2024
  • 0

 

ДООРДУН ЧАКЫРЫКТАРЫНА     ҮНДӨШ КЕЛГЕН ИЗИЛДӨӨКечээ эле өтүп кеткен 2023 — жылдын аяк ченинде Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, доктор, профессор Абдылда Мусаевдин “Гармония: мезгил – адам – коом” аталыштагы эмгеги жарык көрдү.  

Көп катмарлуу, көп форматтуу бул илимий изилдөөгө автордун соңку бир жарым жылдын аралыгындагы басма сөз, теле-радиопрограммалар, маалымат агенттиктеринде жарыяланган тандалма чыгармалары киргизилген. Анда өлкөбүздүн коомдук — саясий турмушунун ар кыл чөйрөлөрүндөгү: илим, билим берүү, адабият, адабий сын, көркөм өнөр, руханий, маданий- гуманитардык бурулуштуу, манилүү жана өзөктүү маселелерди тыкыр талдоо, иликтөө, териштирүүгө арналган очерктери, философиялык эсселери, публицистикалык макалалары, журналисттер менен өкөрүлгөн дилмаектерине  кеңири орун берилген.

Талаш жок, биринчиден, А.Мусаевдин 45 жылдан ашуун мезгил бою билим берүү, агартуу, окутуу, илимий – изилдөөчүлүк мейкиндигинде үзгүлтүксүз жана үзүрлүү ат салышып, өтө бай, пайдалуу тажрыйбага эгедер болгону — ушул эмгегин жазып чыгууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзуп берген. Экинчиден, ал БМУнун ректору гана эмес, бир эле мезгилде КРдин ЖОЖдор ассоциясынын төрагасы; Евразия университеттер ассоциясынын вице – президенти; Казакстандын жогорку мектеп академиясынын анык мүчөсү; өлкөбүздүн кытайтаануучулар ассоциясынын президенти; Улуттук илимдер академиясынын эксперттик кеңешинин төрагасы; Аккредитациялык кеңештин мүчөсү; Кытайдан ай сайын орус тилинде чыгып туруучу эл аралык “Контимост” журналынын аткаруучу директору болуп саналат. Булардан сырткары, ал – КРдин мурдагы билим берүү жана илим министри, Жапониянын – Сока, Кытайдын – Пекин улуттар, Синьцзян, Ланчжоунун саясий илимдер жана юриспруденция университеттеринин ардактуу профессору; “Русьтун алтын калем” улуттук сыйлыгынын лауреаты. Ал эми, ушул жаңы жылдын ирегесинде Москванын белгилүү мамлекеттик лингвистика университетинин ректору Ирина Краеванын атайын БМУга келип, ага өз окуу жайынын ардактуу профессору дипломун тапшырып кенткенин белгилеп койгонубуз – орундуу болмок. Келтирилген бул далилдер профессордун эл аралык денгээлде да таанымал ишмер экендигин айкын – ачык тастыктап бурбайбы.

Буларды атап өткөнүбүздүн себеби – мындай көрүнүштөр, акыр – аягында ага, өз эмгегин жазып чыгууга чоң түрткү бергендигинде турат. Бөтөнчө көңүл бура турган жагдай – чыгарманын бүгүнкү бүтүндөй дүйнө боюнча жаңы технологиялардын мурда болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өсүшү менен мүнөздөлгөн глобалдык өзгөрүштөрдү эске алуу менен иштелип чыккандыгында жатат. “Технологиялык жаңы революция: жасалма интеллект, роботтоштуруу, нейротармактар, виртуалдык чындык, санариптештирүүнүн кеңири жайылышына алып келет”, — деп белгилейт автор. Муну менен бирге, булар тажрыйбалуу адистер жана насаатчыларсыз ишке ашырылбайт деп, эскертип кетет. Чын эле, кийинки мезгилдерде ушул маселелердин тегерегинде кызуу, кээде, карама – каршы, көз караштагы дискуссиялар жүрүп жатпайбы.

            Өзүнүн алгачкы эмгек чыйырын 1978 – жылы КМУнун филология факультетин аяктары менен, Ош пединститунун катардагы окутуучусунан чийген А.Мусаев, ошондон тарта, жалгыз гана жогорку билим берүү тармагында тынымсыз эмгектенип келүүдө. Ушул узак аралыкта ал анын ар бир баскычын ырааттулук менен артка калтырып, туу чокусу болуп эсептлеген – министрлик кызматына чейин өсүп жетти. 1981 – 1995 – жылдары кандидаттык жана докторлук, эки илимий диссертацияларын ийгиликтүү коргоп алды.

             Ал 1995 – жылы Бишкек гуманитардык университетине которулуп, ошондон берки дээрлик 30 жыл ичинде ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, 2005 – жылы анын  ректору болуп шайланды. Андан соң, дагы үч сапар: 2009, 2011, 2019 -ж.ж. өткөрүлгөн шайлоолордо жалпы эмгек жамаатынын 95 – 98 пайыз добушуна ээ болуу менен, кайрадан өз ордунда калып (министрлик учурун эсепке албаганда), ушул тапка чейин ийгиликтүү иштеп, БГУну кынтыксыз жетектеп келүүдө. Ал -тажрыйбасы  мол, дасыгы  күчтүү педагог – тарбиячы, мыкты менеджер экендигин иш жүзүндө далилдеп, окуу жайыбызды  өлкөнүн 55 университеттеринин ичинен эң алдыңкы деп таанылган бешилтиктин сабына чейин көтөрүп чыга алды. Мындай ийгилик — жетекчинин профессордук – окутуучулук корпустун, жалпы эмгек жамаатынын күндөлүк  ишмердигин туура уюштуруп, жаратмандык нукка сала алгандыгы, ынтымак – ырашкерлик, моралдык – психологиялык кырдаалды бекем туткандыгынын жемиши экендиги күмөнсүз.

            Профессор өзүнүн бүтүндөй эмгек жана чыгармачылык ишмердигигнде 200дөн арбын ар кандай илимий, илимий – усулдук эмгектерди, бир нече моногафияларды, мектеп окуучулары менен студенттерге арналган окуу китептерди жана куралдарды жарыкка чыгарды. Котормочулук менен да ишкердүү алектенип, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен жапондук көрүнүктүү философ Дейсаку Икеданын “Рухтун улуулугуна ода” аттуу көлөмдүү дилмаектерин эне тилибизге которуп берди. Кыргыз элинин өтө бай оозеки чыгармачылыгынын мыкты билген адис катары, ал “Өмүрдүн акылмандыгы – шилтемелер, афоризмдер, макалдар”, “Турмуштун бардык кырдаалдары үчүн афоризмдер”, “Кыргыздын макалдары жана лакаптары” аттуу, эки тилде басылып чыккан жыйнактарды да түзүп чыкты.

            Ректордун азыркыга чейин жарык көргөн илимий эмгектеринин ичинен – ушул панорамалуу изилдөөсү өзгөчө орунга ээ. Анткени андагы көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн маанилери – терең, коомдо ойногон ролу — кенен. Жыйнактын көшөгөсүн: “Мугалим – болочок муундарды калыптандыруудагы чечүүчү фигура “деген, өтө бийик адабий – көркөм стилде жазылган очерки ачып  турат. Кеп чынынан бузулбайт, буга чейин мугалимге, жалпы эле, мугалимчиликке арналган мындай жарыялоо жокко эсе болчу десек, жаңылышпайбыз. Автор бул кесиптин миңдеген жылдар илгери кандайча, кантип, эмне үчүн жаралганын, кимдер тарабынан дайындалганын, кандай мааниге эгедер болгон чагынан, ушул күнгө чейинки басып өткөн тарыхый жолун алаканга салган сымал, ар тараптан терең чагылдырат.

             А.Мусаевдин бул фундаменталдуу эмгегинде доордун чакырыктары менен мыктаждыктарына үндөш жана аларга жооп бере ала турган түйүндүү маселелер кең-кесири чечмеленген. Тактап айтканда, алар – “Инсандын руханий өсүшү жана билим берүүнүн тутуму: 21-кылымдын чакырыктары”, “Борбордук Азиянын интеграциялануу дарамети “түрк дүйнөсүнүн” бийиктешинин өңүтүндө”, Кырызстан – Венгрия: Кызматташтыктын мейкиндиги; “Евразиячылык – илимий парадигма жана прагматикалык долбоор”, “Орусиялык ЖОЖдор менен кызматташтык – Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн маанилүү багыты” бөлүмдөрүндө ар тараптуу, ынамдуу талдоого алынган. Чыгарманын “Кыргызстан – Венгрияга арналган бөлүмүндө автор эки өлкөнүн ортосундагы байланыштардын тарыхына кайрылып, аны кызыктуу фактылар менен далилдеп кетет. Алакалардын азыркы абалы менен келечегин ал 2023 – жылдын 12-14 февралындагы кыргыз мамлекетинин башчысы Садыр Жапаровдун бул өлкөгө жасаган расмий иш сапары менен тыкыс байланыштырып карайт. Белгилүү болгондой, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү жана күчөтүү боюнча Декларацияга кол коюлган эле. Сапардын алкагында эки өлкөнүн ректорлорунун форуму өткөрүлүп, ага бизден – 20, Венгриядан – 40 тан ашуун университеттеринин жетекчилери катышып, эки жактуу карым- катнаштар боюнча 21 документ, КР дин ректорлор Ассоциациясы жана Венгриянын ректорлор Конференциясынын ортосундагы кызматташтык боюнча Келишими кабыл алынып, бул иш кагаздарга А.Мусаев, кожоюндар тарабынан – Ласло Бархи кол койгон.

             Кыргызстан евразиялык айдыңдын ЖОЖдору менен болгон мамилелерди тереңдетүүгө чоң көңүл бөлүп келүүдө. Бул багытта университеттердин евразиялык ассоциациясы жана анын президенти, Москва мамлекеттик университетинин ректору, көрүнүктүү илимпоз, академик В.Я. Садовничний зор роль ойноп келатат. Жалпы курамы 140 ЖОЖдордон турган бул эл аралык кадыр – баркы өтө бийик бирикмеге улуттук жана биздин университет мүчө болуп келсе, анын 2023 – жылдын 2-3 – мартында өткөн юбилейлик 15 — съездинде ага ОшМУ  да кошумча кабыл алынды. Иш чаранын жүрүшүндө бул уюмга кирген өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун ортосундагы илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыктын орчундуу көйгөйлөрү каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. А.Мусаев анын вице – президенти болуп шайланды. Ал КР менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерге баса көңүл бөлүп, анын мүмкүнчүлүктөрү  чоң, келечеги кең экендигин баяндайт. Бул максатта  2018 – жылдын 27 -мартында Бишкекте өткөн эки өлкөнүн ректорлорунун “Илим жана биим берүү – келечекке инвестиция” деген 1 -форумуна кайрылып, анын жогорку дэңгээлде жүрүү менен, бир нече маанилүү чечимдерди кабыл алганын белгилеп кетет. Бул жыйында сүйлөгөн сөзүндө академик В.Садовничийдин: “БМУ – эл аралык даражадагы университет”, – деп баа бергени коомчулукка жакшы маалым.

            Профессордун ички таза сезим, терең урматтоо, күчтүү эмоция менен жазган мыкты макаласы калкыбыздын кадырман уулдарынын бири, белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, педагогикалык илимдин доктору, профессор, нукура элдик мугалим – Жангороз Каниметовдун жаркын элесине багышталаган. Өзүнүн замандашы, жакын жолдошу, кессиптеши болгондуктан, ал анын бейнесин өтө кылдат, жеткилең жана акыйкат ачып берген.

             Белгилүү адабият таануучу, теоретик, сынчы Мусаев биздин чыгаан прозаиктерибиз – Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов жана Москвадагы КРдин улуттук жазуучулар союзунун өкүлү, жердешибиз  Муса Мураталиевдин чыгармаларына токтолот. Асыресе, Акматовдун  “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат”, Мураталивдин “Сары кар” романдарынын идеялык багыты, мазмуну, өзгөчөлүктөрүрүн, алардын каармандары менен кейипкерлеринин психологиясын жана философиясын жаңыча көз карашта ачып берген. Бирден- бир көрүнүктүү сыдыкбековтаанычу катары, автор, табигый түрдө, улуттук адабиятыбыздын патриархы жөнүндө жаңыча, жана кеңири сөз козгойт. Андагы: “Тарыхый чындык жана көркөм иликтөө”, “Улуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков татыктуу мамилеге муктаж”, “Эссеизм – синтездөөнүн түрү” деген бөлүмдөрү толугу менен классиктин байсалдуу өмүр таржымалы менен ажырагыс чырмалышкан, нары татыктуу, нары татаал жүрүшкөн тагдыры новатордук көз карашта, өтө бийик деңгээлде териштирилген. Адабият сүйүүчүлөрдү залкардын кыргыз жазуучлуранын ичинен жападан жалгыз Сталиндик сыйлыкка татыган атактуу “Биздин замандын кишилери” жана “Көк асаба” романдарынын тегерегинде атайын уюштурулаган арамзалык, караниеттик, зулумдук, ич күйдүлүк чабуулдарынын купуя сырлары менен нюанстарын кылдат ашкерелеп бергендиги окурмандары кызыктырбай койбойт.

            Мусаевдин журналист менен жүргүзүлгөн белгилүү дилмаегинде анын  эмне себептен ушул күнгө чейин Түкөбүздүн аты Бишкектин бир да көчөсүнө берилбей, эстелиги орнотулбай, чыгармаларынын толук жыйнагы чыкпайт? – деген түз суроосуна ал : “Кептин баары – тагдыры бычактын мизинде турса да, кыргыз элинин таламын талашып, тоталитарлык бийлик менен күрөшкө чыккан, өзүнүн көркөм мурасы менен кыргыз дүйнөсүн байытууга эбегейсиз салым кошкон улуу сүрөткер, улуу ойчулга татыктуу урмат – сый көрсөтө албай атканыбызда болуп жатпайбы”, — деп, көзгө сайгандай, кескин, жооп берген эле. Антсе да, “ийгиликтин кечи жок”, — демекчи, былтыркы жылдын аягында, адегенде, анын “Жол” романы, кийин  тандалма чыгармаларынын 15 томдук жыйнагы акыры жарык көрүп, эң жогрку архитектуралык деңгээлде иштелип чыккан монументалдуу эстелиги баш калаабыздын чок ортосуна, атактуу “Эркиндик” бульварынын баш жагына орнотулду.

            Автор басылманын марасында “Т.Касымбековдун поэтикасы” деген изилдөөснө өзүнчө орун берип, анын “Сынган кылыч “тарыхый эпопеясын кеңири талдап чыгуу менен, ага: “Автор мезгилдин көркөм образын жаратат, кыйла татаал психологиясын иликтейт”, — деген  тыянак чыгарат.

            Сөз соңунда, олкөбүздүн билим берүү, илим, агартуу тармагынын ири уюштуруучусу, атактуу педагог жана окумуштуу, профессор А.Мусаевдин бул эмгеги кыргыз адабияттануусуна, коомдук – саясий, маданий – руханий турмушуна кошкон ири салым катары кабыл алынып, КРдин мамлкекеттик даражадагы сыйлыктарынын бирине толук татый турган чыгарма деп этептөөгө жетишээрлик негиз бар деп айткыбыз келет.

                           Тилектеш ИШЕМКУЛОВ,

КРдин Атайын жана Толук ыйгарым Укуктуу Элчиси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук жазуучулар жана журналисттер бирикмелеринин мүчөсү, БМУнун профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер