Догдуркүл Кендирбаева: “УЛУТТУК ИЛИМГЕ ӨЗГӨЧӨ КӨӉҮЛ БУРУЛА БАШТАДЫ”

  • 30.12.2024
  • 0

“Илимсиз – өнүгүү жок” демекчи, өлкөнүн башкы улуттук илимий-изилдөө мекемеси болуп саналган Улуттук илимдер академиясына азыр өзгөчө көӊүл бурула баштады. Маселен, быйыл Кыргызстан эгемендик алгандан бери каралбай калган УИАнын имаратына 500 млн сом бөлүнүп, толугу менен капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу билим жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылдын жыйынтыгына жана 2025-жылга карата пландарына арналган пресс-конференциянын жүрүшүндө билдирди.

“Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын 2024-жылдагы бюджети 402,6 млн сомду түзүп, илимий кызматкерлердин эмгек акысы чакталуу болчу. Ошондон улам, Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 1-январынан тарта кызматкерлердин маянасын 70-100 пайызга чейин көбөтүү чечимин кабыл алды. Бул мамлекет тарабынан улуттук илимге өзгөчө көӊүл бурула баштаганынын белгиси”, — дейт министр Догдуркүл Кендирбаева.

Министр 2024-жылы биринчи жолу жаштар арасында илимий изилдөөлөргө дем берүү, келечектүү илимпоздорду табуу жана колдоо, жаратман илимий ищилдөөлөрдү кеӊири жайылтуу максатында жаш окумуштуулар арасында сынак өткөрүлгөнүн белгиледи. КР Президентинин жарлыгы менен илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо бекитилип, табигый, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары үчүн берилүүчү сый акынын көлөмү 250 миӊ сомдон 1 млн сомго көтөрүлгөнүн билдирди.

Андан тышкары, Министрлер Кабинетинин токтому менен Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө жобосу кабыл алынып, илимди, илимий-техникалык жана илимий инновациялык иштерди каржылоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирдиктүү “Илим фонду” түзүлгөнүн кошумчалады.

Маалымат-жыйындын жүрүшүндө айрым журналисттер Билим жана илим министрлигинин курамын экиге бөлүү демилгесинин жөн-жайына кызыгышты. Министр Догдуркүл Кендирбаева бул маселе боюнча жөнсалды келди-кетти сөздөр жүргөнү менен, азырынча бирдиктүү чечим жок экенин билдирди.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер