ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “РЕСПУБЛИКАНЫН МЕКТЕПТЕРИН ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ БИРИНЧИ ЖОЛУ ДЭЭРЛИК 400 МЛН.СОМ ЖУМШАЛДЫ”
- 05.11.2024
- 0
Акыркы жылдары мамлекеттин аракеттери мектептик билим берүү менен камтууну камсыз кылууга багытталган.
Д.Кендирбаева Улуттук өнүгүү форумунда акыркы беш жылда (2019-2023-жж.) республика боюнча 363 мектеп жана 72 бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аткарылганын белгиледи.
2024-жылдын 1-сентябрына карата 46 мектеп жана 18 бала бакчанын курулушу жана капиталдык ремонту аяктады.
Кыргызстан көз карандысыздыкка жеткенге чейинки билим берүү объекттерин куруунун көлөмүнө биринчи жолу жетишти. 2024-жылга карата «Капиталдык салым» беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин Тизмесине 513 билим берүү объектиси киргизилген, алардын суммасы 7,5 миллиард сомго жакын.
— Ошондой эле, республиканын мектептерин учурдагы оңдоп-түзөөгө биринчи жолу дээрлик 400 млн.сом жумшалды, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге көп. Республиканын 2140 мектебинде (же 98%) ысык тамак уюштурулду, бул 2023-жылга салыштырмалуу 195 мектепке көп (ТӨМ-2) – 1,5 млрд. сом. Көмөкчү чарбалары бар, иштеп тапкан каражаттарын өз өнүгүүсүнө жумшоого уруксат берилген мектептерге, ченемдик укуктук колдоо көрсөтүлдү. Жалпысынан, билим берүү бюджети он беш жылдын ичинде (15) жылына он эки миллиарддан (12) алтымыш беш (65) миллиард сомго чейин өстү, бул ИДПнын беш бүтүн жана ондон эки пайызын (5,2%) түзөт (учурдагы жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамга ылайык), — деди министр айым.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер