Догдуркүл Кендирбаева: эң мыкты технология ар бир мугалимге жеткиликтүү болот

  • 03.07.2024
  • 0

Үч күнгө созулган 12 жылдык мектеп моделине көчүүгө багытталган модернизациялык пландарды талкуулоо форуму жыйынтыкталды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева аймактардагы билим берүү борборлорунун жетекчилерине кайрылып, 12 жылдыкка өтүүнүн өзөктүү маселесин мугалимдерге, элге жеткирүүдө активдүү катышууну талап калды.

Министр билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформа мезгил талабы. Баары өзгөрөт. Ошол өзгөрүүдө аймактагы билим берүү борборлорунун башчылары артта калбай, мазмунга, сапатка басым жасоо зарыл экенин белгиледи.

“Биз билим берүүнү трансформациялоодо ишти төрт багытта баштаганбыз. Биринчиси, 12 жылдык токтом. Ал даяр, жакын арада кабыл алынат. Экинчи багыттагы иш — дүйнөлүк билим берүү системасындагы эң алдыңкы китептерди алып, 152 млн китеп чыгарабыз, бирок алардын ичинде  так илимдер жана англис тили китептери жок. Себеби алар учурда кыргызчаланып жатат. Ал иш  бүткөндө баары компьютерге киргизилет. Эң мыкты технология ар бир мугалимге жеткиликтүү болот”, — деди Д. Кендирбаева.

Министрдин айтымында, компьютерлерди алуу процесси башталган. Биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат. Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбуктуу болушат. Ал эми төртүнчү багыты – бул үстүбүздөгү жылы мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен 40 пайыз камсыздоого жеткирүү, башкача айтканда, 1-сентябрдан баштап социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдардын бала бакчага баруусун камсыздоо үчүн ваучер механизми ишке киргизилет.

Министр ошондой эле агартуучуларды шаар жериндеги сабактардын планын ийкемдүү түзүү, мисалы, кыргыз тили, адабият сабагын китепканада, тарых предметин музейлерде, химия, биология сабактарын ботаникалык бакчаларда, лаборатория жүргүзө турган жайларда өтүү сунушун киргизди. Бул окуу процессин кызыктуу жана ар тараптуу кылууга, өтүлгөн материалды бекемдөөгө жардам берет деди.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясын бекитти. Эми Кыргызстандын өкмөтү бул маанилүү процесстин иш-чаралар планын бекитүүгө тийиш.

«Республикабызда келерки окуу жылынан тартып мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарга кошулуу, балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу, заман талабына жараша алардын эмгек рыногундагы өз ордун табуусуна шарт түзүү болуп эсептелет», — деген эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрель айында.

Форум 12 жылдык мектепке көчүүнүн стратегиялык багыттарын билим берүү коомчулугу менен талкуулоо максатында өтүп жатат.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер