ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

  • 28.03.2019
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун фонду менен бирге Армениянын билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү өз көздөрү менен көрүп, жакындан таанышып келишти. Армениянын өзүндө 3 млн. адам жашаганы менен сыртта жашаган армяндардын саны 7 млн. чыгыптыр. Так ушул сыртта жүргөн армяндар өлкөсүнүн өнүгүп-өсүшүнө ири суммадагы инвестицияларды тартып келип, билим берүү мекемелерин заман талабына ылайык куруп жатышыптыр. Жеке демилгечилер өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлорун акыркы технология менен  жабдып, ал жерде балдарга бекер билим беришет экен. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева ушул сапар кайрык тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

— Догдуркүл Шаршеевна, Армения Кыргызстандай эле СССРдин курамында болгон мамлекет . Азыр бул өлкөдө билим берүү тармагы кандай өнүгүп жатыптыр? Эмне өзгөчөлүктөрү бар экен?

— Арменияда  өзгөчө санариптик билим берүү багытындагы олуттуу өнүгүү бар экенине маани берген эмес элек. Биз өтө өнүккөн, экономикасы  кубаттуу өлкөлөрдү эске алып, ошолордун тажрыйбаларын үйрөнүүгө багыт койгонбуз. Чындыгында учурда Армениянын биздикиндей Кант, Каракол сыяктуу чакан шаарларда  азыркыга чейин тезек жагышкандарына күбө болдук. Таш көмүр жок, таң калычтуусу тоо-токойлорундагы бактары кыйылбай, татынакай өсүп турат. Биз байкаган өзгөчө баалуулук – армяндардын өз жерине болгон сүйүүсү, урматтоосу, баалуулугун тактоосу жана камкордук көрүүсү абдан жогору. Көчөлөрүндө дегеле таштанды жок. Ал эми муундан муунга өтө турган, өз мурасына аздектелген мамилени сөз менен айтып бүтө албайсың. Көрнөк, жарнактардын баары армян тилинде. Эмне үчүн армян тилин терең билесиңер десек,  “биздин ата-энебиз көчөдө кайсы тилде сүйлөсөң ошол тилде сүйлө, бирок үй-бүлөдө өз тилиңде гана сүйлөйсүң деп талапты катуу коюшат. Антпегенде тилибизди эбак унутуп калмакпыз. Биздин армян катары башкы миссиябыз — маданиятыбызды, улуттук баалуулукту муундарга жеткирүү”, — деп билдиришти. Ал эми Армениядан чыгып кетип, Америкада отурукташып калгандардын балдары жогорку окуу жайларды бүтүп келип, Арменияда иштеп жатканы  абдан жагымдуу көрүнүш болду.  Өзгөчө чет жакадагы армяндарды чогултуп, өлкөнүн өнүгүүсү  үчүн инвестиция тартып келген демилгечилер көп экен.

Бүтүндөй Армениянын аймагындагы 31 гана өнүгүп жатканын көрдүк. Бизди Арменияны өнүктүрүү демилгелери Эл аралык дүйнөлүк фондунун (Initiatives for Development of Armenia (IDEA)) өкүлү тосуп алды. Анын негиздөөчүсү, миллиардер Рубен Варданян.  IDEA фондунун максаты – жергиликтүү калкты жана эл аралык топторду камтып, олуттуу коомдук-экономикалык таасир бере турган жана армяндарды глобалдык эл катары өз ордун бекемдөөгө узак мөөнөттүү программаларды ишке ашырууну көздөйт. Иш алып барган тармактары  —  туризм, шаарды өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, улуттук өзгөчөлүгүн бекемдөө, билим берүү технологиялар ж.б. Дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык донорлору, 30дан ашык өнөктөшү бар экен. Фонд Армениянын өнүгүүсү үчүн 530 млн. АКШ долларын салым кылыптыр.   Ереван шаарындагы эң ири тепкич-тепкич фонтанды мамлекет баштап, бирок кудурети жетпей калганда башка өлкөлөрдөгү колунда бар армян ишкери бүтүрүп, 2 млн. долларга чыгым болсо дагы иштетүүдө.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

— Бул сапардын максаты эмне эле?

— Иш сапардын башкы максаты — Арменияда балдарга, калкка санариптик алдыңкы технологияларды пайдалануу тажрыйбалары менен таанышуу, мүмкүн болсо Кыргызстандагы олуттуу  бизмесмендерди жана мекендештерди элибиздин санариптик сабатын жогорулатууда Армения тажрыйбасын пайдалануу.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

Мына быйылкы жыл санариптештирүү жылы деп жарыяланды. Бирок биз ага канчалык деңгээлде даярбыз, канчалык деңгээлде биздин платформабыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз бар? Арменияда санариптештирүү, креативдик экономиканы өнүктүрүүдө мамлекет менен жеке демилгелердин иштешин көрдүк. Тескерисинче, колунан келген мекендештери дүйнөдөгү эң алдыңкы санариптештирүү технологияларды билим берүү мекемелерине  киргизип, аларды мамлекет ишенимдүү колдоп, шарт түзүп жатканын белгилегибиз келет. Эң биринчи барганда эле IDEAнын офисин көрдүк. Мейкиндикти пайдалануудагы жаңы философиялык багыттары жакты, имараттын ачыктыгы, кабинеттерге бөлүнбөй, бардыгы иштеп жатканы көрүнүп турат. Андан соң Foundation for Armenian Science and Technology (FAST) деген фондго/борборуна бардык. Фонддун/Борбордун максаты – Арменияда жана өлкөнүн сыртында илимий өнүгүүнү жана жетишкендиктерди алдыга жылдыруу үчүн жагымдуу экосистеманы түзүү болуп саналат. Ал жерде каалагандар билим алса болот экен, бирок өзгөчөлүгү, айрыкча,  цифралык билим ала турган студенттерди илим жана техникага багытташат. Илгерки союз учурундагы алгачкы  компьютер жыйналган ири завод бар экен, ал иштебей калыптыр. Ошол заводдун базасында илимди, техниканы, математиканы, программалоону өнүктүрүү борбору түзүлүптүр. Бакалавриатта окуп жаткан студенттерди бир жыл бою даярдап чыгышат экен. Көпчүлүк учурда окуп жаткан окуучулардын же студенттердин чоң катачылыгы – бир программанын биринчи  баскычын  үйрөнүп алып эле, улантпастан  таштап коет экен. Ошол билем деген учурда дагы бир программалар тынымсыз өзгөрүп, цифралык талаптар тез арыш менен жылып кеткендиктен алар артта калат дешти. Окуткан студенттерин бир жыл бою цифралык технологиялар менен иштеген мекемелерге стажировкага жөнөтүшөт.

Кийинки биз барган АЙБ мектеби – 21-кылымдын армян мектебинин үлгүлүү модели  экен. Бул мектеп жаңы талаптар менен салыныптыр. Таң калтырган нерсе — так илимде окутушат. Бул мектепте дээрлик жергиликтүү балдар,  ошол эле кезде тыштан келгендер дагы окуйт. Төлөмү кымбат, бирок ал жерде чөнтөккө эмес, акылына карап кабыл алышат. “Жакыр үй-бүлөнүн акылдуу баласы мынча акчаны кайдан табат?” — деген суроо бердик. Көрсө, Арменияны өнүктүрүү демилгеси дүйнөлүк фонду (IDEA) дүйнө боюнча каражат издеп таап, ошол таланттуу, жөндөмдүү балдарды окутат. Мектептин химиялык, физикалык  лабораториялары акыркы технологиялык жабдуулар менен жабдылып, бүгүн окуп, эртен жумушка чык деген шарт түзүлүптүр. Биология сабагына күбө болдук.  Жаңы союлган койлордун өпкөлөрүн жогорку класстын балдары кадимкидей эксперимент кылып, практикада  иштеп жатышыптыр. Группада 25 бала болсо, төрт группага бөлүнүп иштешет экен. Кийинки класста микроскоп менен скалпелди алып, клеткалык деңгээлге чейин өпкө каналдарын иликтеп, жиликтеп жатышкандарын көрдүк. Бир сөз менен айтканда, практикалык сабактар өтө жогорку деңгээлде өтөт. Мектептин дубалдары доска сыяктуу, сабакта үлгүрбөй калган мугалим кайсы жерден окуучуну кездешсе, ошол жерде туруп эле талкуулап, эсептерди чыгарып, кадимкидей иштер уланат экен.

Үч кабаттуу мектептен лифт көргөн жокпуз, болсо да пайдаланбайт экен. Кабаттарда атайын жылмакай түтүкчөлөр бар экен, шашкандар ошого отурса, бат эле кийинки кабатка түшүп калат. Дагы бир баалаган нерсе китепканалардын баары ачык. Амфитеатр сыяктуу. Каалагандар тепкичтерге отуруп алып, окуй берет. Экинчи таң калтырган нерсе – тамак-аш ашканасы да ачык экен. Бир класста 25 окуучудан ашпайт. Бала бакчада да ошондой.   Мектепте робототехника ийриминде  “Три Д” программасы менен иштешет экен.

Андан соң «Мхитар Себастаци» автордук окуу комплексине бардык. Директору мурунку билим берүү министри экен. Советтик типтеги мектеп. Ичине киргенде бөлүнгөн дубалдардын баары алынып салыныптыр. Бул жерде дагы ачык мейкиндик. Башталгыч класстарда тегерек столдор коюлган, бирөөндө моторикасын өстүрүү, пластилин менен иштөө, наркы жагында сүрөт тартуу, чийме ж.б. өтүп жатат. Эч ким бири-бирине тоскоол болбойт. Зал кеңири болгондуктан, балдар кичинекей велосипеддерди минип алып тээп жүрүшөт. Жол эрежеси дагы ичинде. Эми бала бакча үчүн уктоочу бөлмө жок. Четинде секиче коюлган, жерден 20 см. бийик, балдар уктагысы келсе алдына матрац салып уктап алышат. Ошол эле жерде аудиодон ыр уктурулат. “Бул эмне ыр?”  десек, көрсө, бешик ыры экен. Эжейи өзү ырдап, жаздырып алган экен, балдар уктаган маалда коюп коет. Уйкусу келбеген бала окуткан жерге барып сүрөт тартып ж.б.у.с. иштер менен алектенет. Бала бакчага үч жаштан баштап алынат. Аларга ушул куракта  компьютер, планшетти ачканды үйрөнсө, беш жашка келгенде балдар компьютерде сүрөт тартканды үйрөнүшөт. Баса, ушул жөнөкөй мектепте өлкө башчысы Пашиняндын кызы Шушана  да окуйт экен. Эч өзгөчө шарты жок эл менен эле карапайым мектепте билим алуусуна күбө болдук.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

  • Класстарды бөлүп турган дубалдарды бузуу үчүн архитектурадан уруксат алышат бекен?
  • Албетте, архитектуралык коопсуздук талаптарын эске алуу менен ишке ашырышкан.
  • Тоо арасындагы жаратылыш коругунда курулган UWC Dilijan мектеби өзгөчөлөнүп турганын укканым бар. Чынында эле ошондойбу?
  • Кийинки күнү UWC Dilijan мектебине бардык. Ооба, ал жерде 80 мамлекеттен 200 ашуун студенттер билим алышат экен. Курулушун сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Чатыры жана дубалдары жандуу жашыл шибер жана гүлдөр өсүп каптап турат. Бул мектеп дүйнөдөгү колледждер бирикмесине кириптир.  Армян, англис, орус тилдеринде сабак окутулат.
  • ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

UWC Dilijan мектеби да менчик мектеп. Алты-жети дос бул мектепти курууга 200 млн. ашык доллар сарпташыптыр. Табигый коруктун чекесине салыныптыр, тегереги жапжашыл. Бүткүл дүйнөдөн келип окушат. Жылына ар бир бала 37 миң доллар төлөйт. Окуучулардын  97%ы төлөмдөн бошотулат экен. Анткени зирек балдарды окутууда акча тосколдук болбош керек деп кайрадан дүйнөдөн демөөрчүлөрдү таап келип, шарт түзүшкөндөрүн көрүп абдан таң калдык. Мектепке дүйнөлүк окутуунун эң алдыңкы технологияларын, дүйнөдөгү эң алдыңкы мугалимдерин тартуу жана ошол жерде шаар түзүү каралыптыр. Таң калтырганы экологияга жасаган мамилелери. Бүтүндөй жаңы экотехнологиялар менен жабдылган жана ар бир окуучу дал ошол мамилени аткарууга жетишишкен. Таштандылар дээрлик бардык мектептерде  тандалып, бөлүнүп салынат экен.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

Кийинки сапарыбыз TUMO борборуна болду. Анда 12-18 жаштагы өспүрүмдөр барып мектептен кийинки убагында бекер билим алышат. Борборго жумасына 10 миңден ашуун өспүрүмдөр келип турушат. Креативдик технологиялык билим берүү борбору – эми өзгөчө аналогу жок уникалдуу  борбор. Учурда Францияда жашаган армянин С. Симоняндын өлкөгө салган салымы экен. Ал өзү Бейрутта төрөлүп, АКШда өсүп өнүгүп, ата-бабасы өскөн жердин өнүктүрүүгө олуттуу салым салыптыр.  Аскар Мааткабыловичтин командасына бул борбор абдан жакты. Кыргызстандын  белдүү бизнесмени  А.Салымбеков ошондой  борбор ачуу багытын, мүмкүнчүлүктөрүн аныктап жаткан мезгили.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

Төрт кабаттын биринчи кабатында 450 бала эң акыркы муундагы компьютер менен иштеп жаткандарын көрдүк. Ошол компьютер 5000 доллар экен. Балдардын отурган отургучтарынан бери паттентелген. Борбор 14 багытта иш алып барат экен. Роботтук программалоо, оюндарды иштеп чыгуу, мультфильмди жасоо, кыска көркөм тасмаларды тартуу, математика, керамика менен иштөө, музыка, кийим тигүү ж.б. у.с. Борборго келген балага үч ай изденүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ириде ата-энеси менен келишим түзүп, графиктерди көрүп, эрежелерди тактап туруп, анан алдыга жылуу иштерин баштайт экен. Биринчи этапта окуучу  эч кимдин жардамысыз өз алдынча бүт 14 багыт боюнча иштейт, үч  айдан кийин  өзүн тапкан  кыйын, чыгармачыл балдарды жекече иштегенге бөлүшөт. Мугалим менен жекече иштеп, ал жерде дагы жакшы көрсөткүчтү көрсөтө алгандарды экинчи кабатка чыгарат экен.  Ал кабатка каалагандар кирип чыгалбайт. Ал жерде тынымсыз программисттер иштешет. Ал жердеги балдар Вашингтондо өткөн дүйнөлүк программалоо, робототехникалык сынактарга катышып, экинчи орунду алышыптыр. “Эмне робот жасайт?” — десем, сууну тазалаган робот экен. Кенедей балдардын ойлоп тапкандарын тандап алып, аны өркүндөтүп отуруп чоң иштерге пайдаланышы мүмкүн. Мына креативдик экономика.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

Дагы бир өзгөчөлүгү – биз бардык облустарды басып өттүк.  Кировакан шаарын басып өткөндөн кийин өтө жакыр бир он айыл бар экен. Арменияда балдарды өнүктүрүү дагы бир жеке фондунун негизинде COAF (Children of Armenia Found) SMART кампусу салыныптыр. Анын максаты – мамлекеттин ичиндеги ресурстардын жардамы менен жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Космос сыяктуу, айнектен  салынган имарат. Архитектору Ливанда жашаган  армян.  Ошол он айылдын ата-энеси коомчулук менен бирге өздөрү машине менен балдарын алып келип, бекер окутат экен. Ошол жерде эң чоң компьютерди көрдүк. Балдар бийлей турган чоң залда чоң экрандар, кинозал, ачык библиотека, кофе ичүү борбору, тил үйрөнүү, мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү борбору, мейманканасы дагы бар экен.  Бул борбордо Лондондогу бизнес мектебин  бүтүп келген Крис деген адам иштейт экен. Үч күндүк сапарыбызда бүтүндөй баары менен кездештик, көрдүк. Суктанып жана качан бизде ушундай санариптик өнүгүү шарттары түзүлөт деп өкүнүп кайра келдик.

  • Догдуркүл Шаршеевна, бизде деле чоң мүмкүнчүлүктөр бар го?
  • Бизден чоң мүмкүнчүлүк бар, бирок баалуулук жок, көрө билүү жок. Арменияда тойкананы көргөн жокпуз. Бир дагы жерде шаан-шөкөттү көргөн жокпуз. Алардын айтуусу боюнча, “Биздин миссиябыз – беш жаштагы балага кызмат кылуу, алар  Арменияны өнүктүрөт” дешти.
  • ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АРМЕНИЯДАГЫ САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КАДАМДАР ТАҢ КАЛТЫРДЫ”

Татеви деген монастырына жылда үч миң киши келип көрчү экен. Анан армяндар бир тоодон экинчи тоого узундугу 6 км. асма көпүрө салышыптыр. Азыр жылына 150 миң турист барып турат экен. Таң калтырган нерсе – айылдарда, шаарларда деле аябай чоң үйлөр жокко эсе. Андыктан биз баалуулуктарды, милдеттерибизди так коюшубуз керек экен. Биздин мектептерде өз алдынчалык жок, көз каранды. Бизде умтулуу, изденүүбүз күч. Болгону багыт жана эркиндик беришибиз керек. Кыргызстандын башкы байлыгы — эл.  Баса, биз атактуу китеп чыгаруу холдингине барып китеп чыгаруу процесси менен, жалпы эле Армениядагы китеп окууга болгон суроо-талапты, жасаган мамилеге жогору баа бердик. Мага “Арменияга жараткан асыл таш жана кара май, газды берген жок, демек, биз башты иштетишибиз керек”- деген сөзү абдан жакты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер