ДЕПУТАТ АЛИШЕР КОЗУЕВ АТАЙЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 25.03.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Ош облусунун Кара-Суу районундагы иш сапарынын алкагында өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар тарбияланып жаткан мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

ДЕПУТАТ АЛИШЕР КОЗУЕВ АТАЙЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Алгач эл өкүлү Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жатак тибиндеги балдар бакчасына барып, анда түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Жолугушууда балдарды окутуу жана тарбиялоо процесси, ошондой эле мекеменин материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат берилди. Мындан сырткары, билим берүү мекемесинин жамааты менен баарлашууда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана мамлекеттик колдоону күчөтүү маселелери талкууланды.

Андан соң жолугушуу №118 Дадан Султанов атындагы жатак мектепте уланды.

ДЕПУТАТ АЛИШЕР КОЗУЕВ АТАЙЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Иш сапарынын жүрүшүндө депутат мекемелердин кызматкерлерин Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктап, ала барган белектерин тапшырды. Ошондой эле айтылган көйгөйлөрдү тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, алардын чечилишин жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер