ДЕПТЕРЛЕР КЫРГЫЗСТАНДА БАСЫЛЫП ЧЫГА БАШТАЙТ
- 18.07.2023
- 0
Окуучулар колдонуучу окуу дептерлери мындан ары Кыргызстандын өзүндө чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегияда билдирди.
“Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү. Жылына 15 млн дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт” — деди министр.
А.К.
Бөлүшүү
Комментарийлер