Дастан Бекешев: Жалпы республикалык тестирлөө акысыз болушу керек 

  • 05.03.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) акысыз болушу керек деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, өзү жогорку окуу жайына тапшырган учурда ЖРТ жок болуп, абитуриенттер университеттерге документ тапшыруу үчүн акча төлөшчү.

«Ал кезде университетке документ тапшыруу үчүн 280 сом төлөш керек болчу. Ал учурда бул чоң акча эле. Үч окуу жайга документ тапшырыш үчүн гитарамды сатып жибергем. Ал эми ЖРТ ар бир предмет үчүн 200 сомдон болчу, азыр болсо 470 сомго чейин кымбаттады. Эмне себептен мындай кымбаттаганы түшүнүксүз», — деди депутат.

Дастан Бекешев:  Жалпы республикалык тестирлөө акысыз болушу керек 

Бекешевдин белгилешинче, тестирлөөнүн кымбатташы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бюджети үчүн оорчулук жаратууда. Анын үстүнө ата-энелер балдарын даярдоо курстарына да жөнөтүп, кошумча чыгымдарга туш болушууда.

«Бул ата-энелер үчүн чоң стресс жана чыгым. Биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карадык. АКШда жана Европада мындай тесттердин чыгымдарын мамлекет төлөйт. Бизде да ЖРТ акысыз болушу керек, анын чыгымдарын мамлекет өз мойнуна алышы зарыл», — деди депутат парламент жыйынында.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер