Дагы бир жаңы бала бакчанын курулушу аяктады
- 20.01.2025
- 0
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында жаңы бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү.
Мамкурулуш агенттиги билдиргендей, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, наркы 66,1 млн сомду түздү.
100 орунга ылайыкталган 2 кабаттуу бала бакчада окутуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети бар. Объекттин жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт.
Бөлүшүү
Комментарийлер