ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДА

  • 15.09.2025
  • 0

Бул күндөрү Хорватиянын борбору Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары курч мүнөздө өтүп жатат.  

Кечээ 14-сентябрда кечинде кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн жаңылык болуп, дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта коло медаль жеңип алды. 27 жаштагы Эрназар үчүнчү орун үчүн беттеште армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утту.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДА

70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан  Эрназар 1/16 финалдык айлампада Чилиден келген Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде утту. Бирок 1/4 финалга чыгуу үчүн болгон беттеште япон балбаны Ёшиносуке Аоягиге 0:10 эсебинде утулуп калган. Аягында япониялык спортчу финалга чыккандыктан, Эрназар Акматалиевге көңүл жубатуучу таймашта 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны Венгриядан келген Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңсе, коло байге үчүн  армениялык Арман Андреасян менен күч сынашты.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДА

Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси (2021-ж., 2022-жыл.). Быйыл март айында Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 70 килограмм салмакта Азиянын чемпиону болгон. Ага чейин Азия чемпионатынын күмүш байгесин алган (70 кг, 2022-жыл.) Жаштар арасында Азия чемпионатында да күмүш уткан (2018-жыл.) 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл.) болуп саналат. Ал  Ibrahim Moustafa (2023), Bolat Turlykhanov Cup (2022) өңдүү бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДА

Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу финалга чыкты. 15-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 22:00дө  алтын байге үчүн түндүк кореялык Хан Чон-Сон менен күрөшөт. Анын атаандашы Хан Чон-Сон  Азия оюндарынын күмүш байге ээси, Азия чемпиону болуп саналат. Бекзат менен 2022-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына күч сынашып, 4:2 эсебинде жеңип алган.

Бекзат Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Париж Олимпиада оюндарында 3-орун үчүн болгон кармашта жеңилген өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утуп, өткөн өчүн  (реванш) алды. Бекзат мыктыларды иргеп алуу таймаштарында канадалык Гаррет Саундерсти 11:0 эсебинде, 8/1 финалда жапониялык Рин Сакамотону 9:4 эсебинде, чейрек финалда Түндүк Македониянын намысын коргогон якут балбан Владимир Егоровду артыкчылык менен утуп, жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утуп, баш байгеге талапкер болду.

КЫЗДАРЫ КЫЙЫН КЫРГЫЗДЫН

Эртең 16-сентябрда кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары башталат. Мында Кыргызстандын намысын Токио жана Париж олимпиадаларынын күмүш жана коло медаль ээси, дүйнө жана Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова, Нурзат Нуртаева жана Айпери Медет кызы коргойт.ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДА

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДА

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: ЭРНАЗАРДЫН КОЛО БАЙГЕСИ, БЕКЗАТ-ФИНАЛДАБелгилей кетсек, күн мурун, 13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер