ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

  • 19.09.2025
  • 0

13-сентябрдан бери Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Алгач эркин күрөш боюнча эр-азаматтар күч сынашса, андан кийин айымдардын таймашууларына күбө болдук.  

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

Мында Кыргызстандын намысын кыз-келиндер күрөшү боюнча үч балбан кыз коргоп, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында күч сынашып, мелдешти сегизден бир финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде Түркиянын 19 жаштагы (U-23) Европа чемпиону Эльмира Ясинди  мөөнөтүнөн мурда, 10:0 эсебинде артыкчылык менен жеңип алган.  Ал эми чейрек финалда АКШнын учурдагы Панамерика чемпиону Кайли Уэлкер менен күч сынашып, айыгышкан кармаштын аягына 10 секунд калганда 8:3 эсебинде жеңишке жетишкен.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

Жарым финалда Медет кызы учурдагы Европа чемпиону украиналык балбан Анастасия Алпеева менен беттешип, аны 10:5 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

18-сентябрга караган түнү финалдык беттеште кыргызстандык балбан кыз Айпери Эквадордон келген Генезис Росангела Валдез менен күч сынашып, 2:4 эсебинде утулуп, алтын байгени колдон чыгарып жиберди.  Жыйынтыктыгында Айпери Медет кызы экинчи орунду камсыздап, күмүш медаль тагынды.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

Азия оюндарынын жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Айпери Медет кызынын бул медалы дүйнө чемпионаттарындагы үчүнчү байгеси болуп саналат.  2021-жылы ал коло, 2023-жылы күмүш медаль уткан.

Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жылдызы жанган кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева кечээ 18-сентябрда түнү коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу өлкөбүздүн кыз-келиндер тандалма командасынын башкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков билдирди.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, жаштар арасында Азия чемпиону Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатындагы күрөшүн сегизден бир финалдан баштап, тажрыйбалуу балбан, Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку байге ээси казакстандык Жамиля Бакбергенованы упайдын сапаты боюнча 3:3 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Нурзат Нуртаева америкалык Александрия Глотту 8:4 эсебинде жеңди. Жарым финалда Европа чемпиону украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.

Ал эми үчүнчү орун үчүн чечүүчү кармашта кыргызстандык балбан кыз Нурзат Европа чемпионатынын үч жолку байге ээси, франциялык Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду.  Ошондой эле Нурзат Нуртаева Кытайдын Ханчжоу шаарында 2023-жылы өткөн  XIX жайкы Азия оюндарынын дагы күмүш медалын тагынган.ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

Бул дагы балбан кыздарыбыздын абдан чоң жетишкендиги.  Дүйнө чемпионатына 3 кыз барып, күмүш жана коло медаль утуп алышы даңазалуу устаттар Нурбек Изабеков менен Нурдин Дөңбаевдин эмгегинин үзүрү! Негизи Айпериге оомат ообой, жолу болбой, дүйнө чемпиону болбой жүрөт. Келечеги кең, алдыда дагы далай таймашуулар бар. Бул ирет Нурзат дагы азамат болду. Коло байге алтынга жол ачсын.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, Азия жана дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова  жаракаты жакшы айыга электе, машыгуу учурунда дагы бутун оорутуп алган эле. Бул дүйнө чемпинонатында  кытайлык атаандашы ошону билгендей бутуна асылып, утуп алганы менен байгелүү орундарга талапкер болбой калды. “Чапкан сайын көз чыкпайт” дегендей спортто бирде утуш, бирде утулуп болоору бышык.  Мээрим эми Лос-Анжелестеги олимпиадада күмүш менен коло байгесине комплект кылып, алтын медаль утуп алышына тилектеш болуп, сүрөөнгө алалы!

БАЛБАНДАРДЫН БАГЫ СЫНАЛАТ

Бүгүн, 19-сентябрда  Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар улантылып жатат.  Кыргызстандыктар Улан Муратбек уулу менен Нурманбет Раймалы уулу жооткотуучу турнирде үчүнчү орун үчүн мөрөй талашат. 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Улан Муратбек уулу коло байгеге талапкер катары молдовалык Артем Делеану менен беттешет.  Ал эми Нурманбет Раймалы уулу дагы жооткотуучу мелдеште кореялык Сеунжин Ли менен беттешет.

Бүгүн 19-сентябрда Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг, 72 кг, 97 кг чейинки салмак категорияларында балбандар килемге чыгат.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫКыргызстандын намысын 60 кг чейинки салмакта Акыл Сулайманов коргоп, он алтыдан бир финалдык баскычындагы алгачкы беттешин литвалык Юстас Петравичюс менен өткөрөт.

 72 килограмм салмакта  2022-жылы дүйнө чемпионатында коло байге уткан Амантур Исмаиловдун алгачкы атаандашы ирандык Сейед Сохраби болмокчу.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ97 килограммга чейинки салмак ченинде Париж олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков сегизден бир финалга чыгуу үчүн египеттик Мохамед Габр менен күч сынашат. Алдын ала мыкты балбандарды иргеп алуу беттештери  Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫБул дүйнө чемпионатына кыргызстандык атактуу балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов катышкан жок. Жаш балбандарга жол бошотуп, алар дагы багын сынап көрүүнү ылайык көрүштү.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙПЕРИНИН КҮМҮШҮ, НУРЗАТТЫН КОЛО МЕДАЛЫ

Эске салсак, дүйнө чемпионаты 13-сентябрда Загреб шаарында эркин күрөш боюнча мелдештер менен башталган. 57 кг салмак категориясында күч сынашкан Бекзат Алмаз уулу экинчи орунду алып, күмүш байгеге, 70 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрназар Акматалиев коло медалга ээ болгон.

 

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер