CПИКЕР НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ УЧУР ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИНДЕ

  • 27.03.2025
  • 0

26-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу борбор калаабыз Бишкек шаарында жайгашкан Учур Эл аралык мектебине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

CПИКЕР НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ УЧУР ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИНДЕАлсак, аталган билим берүү жайы өткөн жылдын январь айында негизделип, учурда мектепте окуучулар, ал эми бала бакчасында жеткинчектер таалим-тарбия алышууда.

CПИКЕР НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ УЧУР ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИНДЕКыргыз жана англис тилдеринде билим берип, учур талабына ылайык бардык заманбап окуу куралдары жана жабдуулары менен камсыздалган билим берүү мекемесинин иш-аракетин көргөн Төрага: «Мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, акыркы жылдары жаңы окуу имараттарын курууга жана агартуучулардын айлык маянасын көтөрүүгө басым жасап келет. Бирок мамлекетти эле карап олтура бербей, демилге көтөрүп, ушундай билим берүү жайларын ачып жаткан мекендештерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. Жеке мектептер атаандаштыкты жогорулатып, билим берүү жайларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ал эми өлкө бийлиги, анын ичинен Жогорку Кеңеш эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекеттик тилде билим берген мындай заманбап мектептердин ачылышын ар дайым кубаттайбыз», – деди.

CПИКЕР НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ УЧУР ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИНДЕМуну менен катар мектеп жамааты менен да баарлашкан Нурланбек Тургунбек уулу: «Жакшы билим, жаркын келечектин кепилдиги. Андыктан, келечек ээлерине керектүү билим берүүдө агартуучуларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. «Балдарды сүйүү менен окутуп, эртеңки жана бүгүнкү ийгилигин бирге жаратуу» – деген ураандын астында иш алып барып жаткан мектептин жамаатына ийгиликтерди каалайм”, – деп кошумчалады.

Мектеп окуучулары комуз чертип, ырдап, кыргыз бийин аткарып беришти. Төрага окуучулардын сабактарына да катышып, жеткинчектердин терең билим алуусун каалады.

CПИКЕР НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ УЧУР ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕБИНДЕОшону менен бирге Учур  Эл аралык мектебине каржылык колдоо катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырды. Спикер менен бирге Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайык мектептин ишмердиги менен таанышты.  “Билимкана” жана Учур Эл аралык мектептеринин негиздөөчүсү Эльнура Осмоналиева жана мектеп жетекчилиги төрага менен меймандарга ыраазычылыгын билдиришти.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер