Чырак айылындагы мектептеги зомбулук боюнча териштирүү жүрүүдө

  • 04.02.2026
  • 0

Агартуу министрлиги Жети-Өгүз районун Чырак айылындагы  жалпы билим берүү мектебинде дене тарбия мугалими тарабынан окуучуларга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча Жети-Өгүз РИИБи менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

«Бул көрүнүш балдарга карата жасалган зомбулук катары бааланып, педагогикалык кызматкер тарабынан кесиптик этиканын одоно түрдө бузулгандыгын айгинелейт.

Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чараларды дароо баштаган. Учурда териштирүү иштери улантылууда»,-деп айтылат билдирүүдө.
Агартуу министрлиги 2026-жылдын 19-январындагы № 13/1 буйругунун негизинде бардык мектептерде комплекстүү жана масштабдуу профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бул терс көрүнүштөр менен жалпы кырдаалга баа берүүдөн оолак болууга чакырат.
Мындан тышкары, педагогикалык кызматкерлердин, окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу менен комплекстүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Агартуу министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалфикациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна Кыргыз Республикасындагы мугалимдердин кесиптик этикасы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү жөнүндө тиешелүү тапшырмалар берилди.
Териштирүүдө  2026-жылдын 28-январь күнү Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын Талып Акун атындагы орто мектепте дене тарбия сабагынын мугалими  8-класстын окуучуларын доскага чыгарып, колдоруна согуп зомбулук көрсөткөнү такталган. 

Ошол эле күнү зомбулук көргөн окуучулардын бирөөсүнүн ата-энеси балдарга кол көтөргөн мугалимди жоопкерчиликке тартуу талабы менен милицияга арыз жазган.

Бирок ич ара сүйлөшүүдөн кийин арызданган ата-эне мугалимге доо коюудан баш тарткан.

Бөлүшүү

Комментарийлер