Чыныбаев Мирлан Койчубекович КМТУнун ректору болуп кайра дайындалды

  • 20.12.2025
  • 0

2025-жылдын 18-декабрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде университет жамаатына кайрадан дайындалган ректор Чыныбаев Мирлан Койчубекович расмий түрдө тааныштырылды.

Чыныбаев Мирлан Койчубекович КМТУнун ректору болуп кайра дайындалды

Маалым болгондой, Мирлан Койчубекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиевдин 2025-жылдын 18-декабрындагы №735 тескемеси менен ректорлук кызматка кайра дайындалган.

Чыныбаев Мирлан Койчубекович КМТУнун ректору болуп кайра дайындалды

Тиешелүү тескеме университет жамаатына Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу Айбек Чотонов тарабынан тааныштырылды.

Иш-чарага КМТУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер катышты.

Жыйын соңунда университет жамааты Мирлан Койчубекович Чыныбаевди ректорлук кызматка кайра дайындалышы менен куттуктап, окуу жайдын мындан аркы өнүгүүсүнө ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер