ЧЫГАРМАЧЫЛ МУГАЛИМ КМШнын ЧЫГААНЫ
- 18.03.2025
- 0
Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунун (БФЭТ) география мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна педагогикалык ишиндеги жетишкендиктери үчүн «КМШнын мыкты педагогу» деп табылды.
Казакстандын борбору Астанада онлайн форматта өтүп жаткан «Лучший педагог СНГ — 2025» сынагы билим берүү тармагындагы мыкты мугалимдерди аныктап, алардын эмгегин баалоону жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү максаттарын көздөйт.
— Бул конкурстун негизги максаттары
мугалимдик кесиптин коомдогу статусун жогорулатуу, педагогдордун чыгармачылык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, тажрыйба алмашууну жана кесиптик өнүгүүнү колдоо болду, – дейт чыгармачыл таймашта жеңишке жетишкен мекендешибиз.
Бул жеңиш тынымсыз эмгектин, чыгармачылыктын жана билимге болгон берилгендиктин жемиши экенин белгилей кетели. Мейизгүлдүн жеке ийгилигине БФЭТтин жалпы жамааты кубанып, кесиптешин чын жүрөктөн куттукташып, ага мындан ары да жаңы ийгиликтерди каалашты.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер