“МАМЛЕКЕТТИК ЧЫГААН ИШМЕР”
- 23.12.2021
- 0
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган ушундай аталыштагы иш-чара Кыргыз улуттук агрардык университетинде өттү.
Ветеринардык медицина биотехнология факультетинин 2-курсунун студенти Дилдемурат уулу Тимурлан жана айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы факультетинин 2-курсунун студенти Көчөрбаева Салима Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады. Инженердик техникалык факультетинин 4-курсунун студенти Каныбек уулу Кылымбек, аталган факультеттин 2-курсунун студенти Ысмайыл уулу Ырыскелди, гидрмелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 1-курсунун студенти Намазбеков Адис “Акыркы сурак” аттуу сахналашкан оюн тартуулашты.
Соңунда, студенттерге Жусуп Абдрахманов тууралуу суроолор берилип, жооптор алынды. Мыкты жана туура жооп берген студенттерге жана активисттерге сертификат берилди.
Комментарийлер