ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЭСКЕРИЛДИ

  • 13.06.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун  демилгеси менен Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЭСКЕРИЛДИ

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан. Ал быйыл 95 жашка чыкмак.

Эскерүү кеченин алкагында академик Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун жарыяланбаган чыгармалары: себеби эмнеде?” деген аталыштагы жаңы китебинин бет ачары болду. Бул эмгекте окурмандарга кеңири жете элек, жарыяланбаган чыгармалары жана кол жазмалары тууралуу сөз болуп,  автор жазуучунун “Флейта и земля”, “Смерч”, “Свидание с убитым сыном” деген чыгармасынын кол жазмалары тууралуу ой бөлүштү.

Иш чарага  адабият жана маданият ишмерлери, окумуштуулар жана жалпы эле окурмандар катышты. Кыргызстан Эл Ассамблеясынын төрагасы А.Матубраимов, академик О. Ибраимов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору, ф.и.д. С.Тиллебаев, ф.и.д., профессор С.Байгазиев, Л.Гумилев атындагы ЕУУнун доценти Акжигит Алибекулы, т.и.д., профессор С.Кайыпов ж.б. өз ойлорун ортого салышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер