ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ АТЫНДАГЫ ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

  • 11.05.2024
  • 0

ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ АТЫНДАГЫ ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ, СПОРТ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ МИНИСТРЛИГИ

БИШКЕКТЕГИ ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ АТЫНДАГЫ ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

2024-2025-окуу жылына кабыл алууну жарыялайт:

«Балет искусство» адистиги боюнча «Балет бийчиси» квалификациясына башталгыч мектептин 4-классын бүтүргөн 9-11 жаштагы окуучулар кабыл алынат.

«Хореографиялык искусство» адистиги боюнча «Бий ансамблинин артисти» квалификациясына орто мектептин 9-классын бүтүргөн жана башталгыч хореографиялык билими бар (искусство мектебин, бий студиясын же бий ансамблинин бүтүргөн) 14—16 жаштагы окуучулар кабыл алынат.

Кабыл алуу сынактары 10-июндан 26-июнга чейин 3 тур менен өткөрүлөт.

Кабыл алына турган документтер:

— Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

— ИНН;

— Сүрөт 3/4 (4 даана);

— Жашаган жеринен тастыктама;

— Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсү;

— Башталгыч мектепти аяктагандыгы тууралуу өздүк дело;

— Негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк (1 курс үчүн);

— Медициналык талон (БХОЖдун врачынан алынат).

 

Сырткы аймактардан келген окуучулар окуу жайдын интернатынан орун менен камсыз болушат.

Сурап билүү телефондору:

(0312) 62-17-93, 66-32-16.

Окуу жайынын реквизиттери:

Бишкек ш., Москва көч. 123/1
(кирүү Логвиненко көчөсүнөн).

E-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер