Чоң-Алай районунда 8 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ишке берилди

  • 24.11.2023
  • 0

Чоң-Алай районунда 8 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ишке берилди

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылында Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуштан «Кабар» маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мектеп 375 орунга ылайыкташкан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2900 чарчы метрди түзөт.

Билим уясынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган, бирок андан бери бүтпөй турган.

Бөлүшүү

Комментарийлер