ЧЕТ ЭЛДИК ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

  • 03.07.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине Шаньдун профинциясындагы жогорку окуу жайларына 30 орундук квота бөлүндү. Кытай Айыл чарба университетинин Санья институтуна айыл чарба экономикасы жана менеджменти багытында магистратурага кабыл алуу уланууда.

ЧЕТ ЭЛДИК ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Айыл чарба университетинин Санья институтуна айыл чарба экономикасы жана менеджменти багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа ачылганын билдирет. Алсак, Цилу Технология университетинде (Qilu University of Technology) —  «машина куруу жана өндүрүштү автоматташтыруу» жана «Оптикалык жана электрондук маалымат инженериясы» адистиктерине,  Шаньдун архитектура жана инженерия университетинде —  (Shandong Jianzhu University) “бизнес башкаруу”, “жарандык курулуш” адистиги,  Цзинань университетинде (University of Jinan) — “маалыматтык башкаруу жана маалыматтык системалар” адистиги боюнча документ тапшыруу жүрүүдө.

Квота боюнча кабыл алууда студенттердин окуу акысын, жашоо чыгымдарын жана медициналык камсыздандырууну төлөйт, бирок ай сайын төлөнүүчү стипендия берилбейт. Арыз берүү үчүн сиз онлайн арыз толтуруп, документтерди веб-сайтка жүктөшүңүз керек.  https://qlu.at0086.cn/StuApplication/Login.aspx http://admission.isao.ujn.edu.cn/ https://sdjzu.17gz.org

Ошондой эле стипендиялык программа быйыл 30 мамлекеттин студенттерине окуу үчүн 20 толук стипендия бөлүнгөн, ага Кыргызстандын студенттери да катыша алат.

Стипендия эки жылдык программа үчүн жылына 70 200 юанды түзөт, анын ичинде окуу акысы –25 000 юань, жашоо акысы – 8 400 юань, жашоо чыгымдары – 36 000 юань, медициналык камсыздандыруу – 800 юань.

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-июлуна чейин жүргүзүлөт. Толук маалымат – файл (пдф)

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер