Чаткалдын Сумсар мектебинде аскерге чейинки даярдоо каанасы ачылды

  • 13.02.2026
  • 0

«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин кезектеги аскерге чейинки даярдоо каанасы Чаткал районундагы Сумсар мектебинде ачылды. Буга чейин мындай кааналай өлкө боюнча 22 мектепте ачылган.

«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жайлообай Эшенкулов, Талас, Ош Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча координатору, полковник Маматсабыр Матибраимов, бирикменин Баткен облустук төрагасы Тынычбек Массаитов, бирикменин Бишкек шаардык төрагасы Алмазбек Чыналиев катышып сөз сүйлөштү.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Нуркул Тайибековдун үй бүлөсү демөөрчү болуп, 8-противогаз тапшырды. Дагы бир демөөрчү Т. Нуркуловдун үй бүлөсү мектепке 11 аскердик форма тапшырды.

Ала-Бука районунун аскер комиссары Апазбек Джанболотов мектепке 7 противогаз тапшырды. «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин «Кызматташтык» медалы менен сыйланды.

Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Надырбеков Мухтар «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин өздүк курамына ыраазычылык кат тапшырды. (К.А.)

Бөлүшүү

Комментарийлер