ЧАТКАЛДА КУРУЛУП ЖАТКАН МЕКТЕП ТЕКШЕРИЛДИ
- 15.08.2024
- 0
Чаткал районунун Курулуш айылындагы 225 орундуу С.Мырзалиев атындагы мектептин курулушу менен Мамкурулуштун директорунун орун басары Бактыяр Станбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында жеринде таанышты.
Маалыматка таянсак, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Бакай” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Объекттин курулуш наркы 141 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук зал, откана жана көмүр сактоочу жай куруу каралган.
Бүгүнкү күндө мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылып, ички жана сырткы курулуш иштери жүрүп жатат.
Баса, быйыл республика боюнча жаңы окуу жылында 13 бала бакча, 20 мектеп эшигин ачат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер