ЧҮЙДӨ ЖАҢЫ АЧД КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 31.03.2026
  • 0

ЧҮЙДӨ ЖАҢЫ АЧД КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

Аламүдүн районундагы Октябрь айылындагы Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде Аскерге чейинки даярдоо (АЧД) каанасы ачылды.

Бул Жайлообай Эшанкулов жетектеген «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин демилгеси менен ишке ашырылып, өлкө аймагында ачылган 23-АЧД каана болуп калды. Буга чейин республика боюнча 22 каана ачылып, ийгиликтүү иштеп келет.

АЧДнын демөөрчүсү жана өнөктөшү — жергиликтүү жеке ишкер Мухидинов Оятулло .

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн аскер жана коомдук ишмерлер, агартуу тармагынын өкүлдөрү  жаштарды мекенчилдикке тарбиялоонун маанисине токтолуп, АЧД кааналары жаштарды аскердик-патриоттук рухта тарбиялоодо, тартипке, жоопкерчиликке үйрөтүүдө жана мекенди коргоого даярдоодо чоң мааниге ээ экенин белгилешти.

ЧҮЙДӨ ЖАҢЫ АЧД КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Жайлообай , КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Отонбаев Тариэль, Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Байгубатова Уулкан, «Сый-урмат» ардагерлер коомдук бирикмесинин төрагасы Советбек Арбаев, республикалык ички аскерлер ардагерлер   кеңешинин төрагасы Тынычбек Касымбеков, Чүй областтык чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы  Алмазбек Жедигеров ж.б. куттуктоо сөздөрүн айтышты.

АЧД каанасынын негизги максаты — окуучуларга аскердик баштапкы билим берүү, КР  Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарын үйрөтүү, аскердик тартипти сактоого тарбиялоо жана жарандык милдеттерин так аткарууга багыт берүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган согушунун, ошондой эле 1999-жылдагы жана 2021–2022-жылдардагы Баткен окуяларынын курмандыктары эскерилип, куран окулду.

Демилгечи топ: “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Жайлообай, төрага кеңешчиси, генерал-майор Алымбеков Бактыбек, бирикменин Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары боюнча координатору, полковник Шадыбеков Асанбек, бирикменин Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары боюнча координатору, полковник Матибраимов Маматсабыр, шаары боюнча өкүлү Чыналиев Алмазбек, коомдук бирикменин мүчөсү, улук лейтенант Тагаев Зайнидин, коомдук бирикменин мүчөсү, запастагы капитан Акматова Гулзина.

Бул сыяктуу демилгелер өлкөдө жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, аскердик даярдыкты чыңдоодо жана улуттук коопсуздукту бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт.

Бөлүшүү

Комментарийлер