ЧҮЙ-ТОКМОК: “ТОГУЗ КОРГООЛ” ОЮНУ УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ
- 25.02.2026
- 0
Чүй районунун Совет айылындагы Совет жалпы билим берүү мектебинде, дене тарбия мугалимдеринин жылдык планынын негизинде кыргыздын улуттук оюну “Тогуз коргоол” мелдеши болуп өттү. Оюн абдан жогорку атаандаштыкта жана уюшкандыкта жүрдү.



Маалыматка таянсак, мелдештин жыйынтыгы менен 9 жылдык мектептер арасында:
1-орунду — Кызыл-Аскер айылынын Ж.Саадаев атындагы жалпы билим берүү мектеби,
2-орунду — Чапай айылынын А.Жаманбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби жана
3-орунду Султан айылынын К.Р.Тельтаева атындагы жалпы билим берүү мектептери багындырышты.
Ал эми 11 жылдык мектептер арасында:
1-орунду — Совет айылынын Совет жалпы билим берүү мектеби,
2-орунду — Ленин-Жол айылынын И.Борончиев атындагы жалпы билим берүү мектеби, ал эми эки мектеп топтогон упайлары боюнча бирдей чыгып, эки үчүнчү орун берилди. Алар: Чүй айылынын В.Ф.Марков атындагы №1 жалпы билим берүү мектеби жана Чүй айылынын С.Ибраимов атындагы №2 жалпы билим берүү мектептери .
Аталган мелдеште окуучулардын ден соолугун өмүрүнүн коопсуздугун камсыздап беришкен жалпы дене тарбия мугалимдерине жана мектеп директору Ф.С.Ниязалиевага Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү ыраазычылык билдирди.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер