ҮЧ МИҢ ЖЕТИМ БАЛАГА ДЕПОЗИТ
- 14.08.2024
- 0
Кыргызстандагы 2 миң 853 ата-энеси жок жетим балага депозиттик эсеп ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, “Келечекке салым” депозитин ачуу үчүн жарандардын кайрылуусу талап кылынбайт. Ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылмакчы.
Балдар 18 жашка чыкканда депозиттеги 500 миң сомдон кем эмес топтолгон каражаттарын билим алуу, ден соолугун чыңдоо, турак жай шарттарын жакшыртуу же үй сатып алуу сыяктуу өздөрүнүн муктаждыктарына жумшайт. Министрликтин адистеринин айтымында, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттик банк эсебинин номери кабарланат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер