CАХНАДА ТУРМУШ ЧЫНДЫГЫ: «DREAMERS» КЛУБУ ОБЛУСТУК СЕМИНАРДА

  • 19.03.2026
  • 0

Ак-Суу районундагы Б.Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин «Dreamers» тынчтык куруучулар клубу кезектеги ийгилигин багындырды! Облустук деңгээлде өткөн семинардын алкагында клубдун мүчөлөрү коомдогу курч маселелердин бирин козгогон Форум-театр тартуулашты.

CАХНАДА ТУРМУШ ЧЫНДЫГЫ: «DREAMERS» КЛУБУ ОБЛУСТУК СЕМИНАРДА

Үй-бүлөлүк зомбулук — «Айсулуунун окуясы»

Камила Намазбекованын жетекчилигинде коюлган спектаклдин  максаты — зомбулуктун алдын алуу, окуучулардын жана ата-энелердин аң-сезимин өзгөртүү, тынчтык маданиятын калыптандыруу.

Форум-театрдын өзгөчөлүгү — бул жөн гана спектакль эмес, көрүүчү менен түз байланыш. Окуучулар «Айсулуунун окуясы» аркылуу турмуштагы оор кырдаалды көрсөтүп беришти. Форум-театрдын форматы боюнча, көрүүчүлөр окуяга аралашып, зомбулукту токтотуунун жолдорун жана каарманга жардам берүүчү чечимдерди чогуу талкуулашты.

— Биздин максат — кайдыгер болбоого чакыруу. Ар бир бала, ар бир аял мээримдүү жана коопсуз чөйрөдө жашоого татыктуу, — деп белгилешти «Dreamers» клубу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер