БЫЙЫЛКЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН ООШ-КЫЙЫШЫ
- 24.07.2025
- 0
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2025-26-окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуунун босого баллдарын бекитип, учурда абитуриенттер окуу жайларга тапшырып, биринчи жана экинчи туру жыйынтыкталып жатат.
ЖОЖдоруна кабыл алуунун босого көрсөткүчү негизинен мурунку жылдардагыдай деңгээлде сакталды: негизги тест — 110 балл болсо, предметтик тесттер — 60 балл болуп аныкталган эле.
Бирок кээ бир аймактар жана адистиктер үчүн негизги тесттин босого баллы башкача: педагогикалык билим берүүнүн багыттары адистиктери үчүн — гранттык орундар үчүн 130 балл жана контракттык бөлүмдөр үчүн 115 балл болсо, саламаттыкты сактоо тармагындагы багыттагы адистиктер үчүн — гранттык орундар үчүн 120 балл жана контракттык бөлүмдөр үчүн 110 балл, айыл чарба жана айыл чарба илимдеринин багыттары адистиктери үчүн — гранттык орундар үчүн да, контракттык бөлүмдөр үчүн да 100 балл болду. Төмөнкү багыттар боюнча предметтик тесттердин босогосу бирдей — 60 балл боюнча калды.
I жана II топтогу майыптарды, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды кабыл алууда гранттык орундар жана контракттык окуунун бардык формалары үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары, негизги тестирлөө босогосу 90 баллды түздү.
Эске салсак, 2012-жылдан тарта ЖРТ менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык ЖОЖдоруна кабыл алууда милдеттүү болуп калды. Бирок тесттин жыйынтыгы талап кылынбаган адистиктердин жана багыттардын тизмеси бар. Алар дене тарбия жана спорт, маданият жана искусство багыттарындагы адистиктерге тапшырууда ЖРТ талап кылынбай, экзамен беришет. Учурда ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүрүүдө.
Абитуриенттер эмнелерге көңүл бурушу керек?
Эми абитуриент окууга тапшыруу үчүн кандай аракеттерди аткаруусу керектигин ачыктап алсак:
Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg онлайн сайтында каттоо процедурасынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл!
ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.
Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.
Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.
2025-2026-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогору окуу жайларына абитуриенттерди тандоо беш тур менен өткөрүлүүдө. Биринчи тур 14-июлда башталып, 16-июлда жыйынтыкталды. Экиничи тур 21-июлдан 23-июлга чейин өткөрүлсө, үчүнчү тур 28-июлда башталып, 30-июлда жыйынтыкталат.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу иши
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, окуу жайдын математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов төмөнкүлөргө токтолуп өттү:
“Былтыркы жаңы окуу жылына университетке бардык багыттар боюнча 9700 абитуриент кабыл алуу пландалган. Бүгүнкү күндө 14-июлда башталган биринчи турдун жыйынтыгы менен 3466 абитуриент катталып, контрактык негизге 3201и сунушталды. 1350 абитуриент документтерин тапшырып, окууга өтүштү. Ал эми бюджеттик бөлүмдөргө 1500 абитуриент катталып, 537си сунушталып, 296сы документтерин тапшырды. Экинчи тур дагы жыйынтыкталып жатат. Контрактык орундарга 1225 абитуриент документтерин тапшырды. Гранттык орундар боюнча да кабыл алып жатабыз. Учурда бюжеттик гранттык орундага учурда 295 абитуриент кабыл алынды. Бакалавр боюнча 554 орун бөлүнгөн. Быйылкы кабыл алуунун өзгөчөлүгү педагогикалык багыттагы орундарга ваучердик система аркылуу кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Ваучердик система менен 325 киши кабыл алуу пландалса, учурда 60 абитуриент документтерин тапшырды.
“Азыр кабыл алуунун биринчи турун бүтүп, экинчи турун жыйынтыктоо алдында турабыз. Өткөн жылдагыга салыштырмалуу быйыл абитуриенттердин онлайн тапшыруудагы деңгээли жогорураак десем болот. Албетте өзгөчө жеңилдиги барлар арасында биринчи топтогу майыптар, тоголок жетимдер үчүн 25 гранттык орун берилген. Учурда эки турда 10 орунга документтер кабыл алынды. Экинчи топтогу майыптар, кайрылмандар, Аксы жана Апрель окуяларына катышкандардын балдары контрактык орундарга тапшырса дагы 100 пайыз жеңилдиктер каралган. Бизде академиялык мобилдүүлүктү колдонуу мүмкүнчүлүгү жакшы жолго коюлган. Биздин окуу жайына кабыл алынып, жакшы окуган студенттерибиз чет өлкөлөрдөгү өнөктөш болгон жогорку окуу жайларда окуусун улантып, жыйынтыгында эки жогорку окуу жайдын дипломдоруна ээ болсо болот. 9-11-класстардын базасында, ЖРТнын жыйынтыгы төмөн болуп калгандар колледждерге тапшырууда,-деди Изат Усенов.
Кесибим – ырыс кешигим
Кесип тандоодо абитуриенттер ЖРТнын жыйынтыгынан, ата-эненин каалоосунан, материалдык мүмкүнчүлүктөн жана башка нерселерден көз каранды болуп көңүлүндөгү мүдөөсүнө жетпей, таалайына туш келген окууга тапшырып калгандар аз эмес. Ошентсе да билим алууга умтулгандар окуу жайларын интернет аркылуу тандап, биринчи жана экинчи турдун жыйынтыгы менен студент болуп, документтерин тапшырууга окуу жайларына келүүдө.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кабыл алуу комиссиясынан Каракол шаарынан келген Нурболот Сапарбековду сөзгө тарттык:
– Мен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №8 орто мектебин бүтүрдүм. ЖРТнын негизгисинен 116 жана тарых боюнча предметтик тесттен 65 упай топтой алдым. Учурда Кыргыз Улуттук университеттин кыргыз-жапон институтуна тапшырып жатам. Себеби, бала кезимден бери эле жапон мамлекетине, тарыхына, маданиятына, каада-салтына аябай кызыгам. Мени жапон анимациясы да кызыктырат. Жапондордун дзюдо күрөшү менен дагы машыкам. Келечекте Кыргызстан менен Жапон мамлекеттеринин достугуна, кызматташтыгына салым кошсом деген максатым бар.
Ал эми кичинесинен өзүн техникалык адистикке даярдаган, IT тармагынын тынымсыз өнүгүп жатканын туюп, программдык инженерия адистигин тандоо менен университетке тапшырып жаткан Жумгал районунун Чаек айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектепти бүтүргөн Улугбек Каракойчиев ЖРТнын негизги тестинен 145 балл алып, контракка тапшырып жатканын билдирди.
ЖОЖ – бул өзү кызыгып, ынтызарлыгын коюп, аракет кылып окуп билим алуучу чоң кишинин жеке тандоосу. “Кайда барып окуу керек?” деген суроо аттестат колуна тийгенден тарта, ар бир бүтүрүүчүнүн көөдөнүндө уюган тилегине максаты ширетилген даяр жообу менен, көздөгөн окуу жайга карай жетелеген убак эчак өткөн замандын көрүнүшүнө айланган өңдөнөт. Бүгүнкү күндүн бүтүрүүчүлөрүнө бул суроо менен кайрылсак: “ЖРТнын жыйынтыгы чечет”, “Үйдөгүлөр бул эле кесипке оку деди”, жана башка чечкинсиз, кайдыгер жоопторду угууга болот. Бул үчүн бүтүрүүчү өздөрү максат коюп, келечек кесибин туура тандоосуна мектепте мугалимдер, алгач ата-энелер кеп-кеңештерин берип, заман талабына ылайык жаңылбай кесип тандоосу зарыл.
Дагы жүздөгөн бүтүрүүчүлөр өз бактысын 3-турдан сынап көрүүгө убакыт бар. Ал эми студент болгон абитуриенттерибиздин окууларына ийгилик каалайлы.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер