Быйыл ЖОЖдорго он миң квота бөлүндү

  • 24.07.2024
  • 0

КР өлкө башчысынын жана Министрлер Кабинетинин башчысынын талабы менен быйылкы жылы IT жана технология адистиктерине болуп көрбөгөндөй чоң гранттык орундар берилди. Алсак, колледждерге 1000, ЖОЖдорго 3900 орун дал ушул адистиктерге даярдоо үчүн бөлүндү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева басма сөз жыйында билдирди.

Догдургүл Кендирбаеванын айтымында, быйыл жогорку окуу жайларга өзгөчө көңүл бурулат. Эгерде былтыр жалпы республикалык гранттарга 5134 орун берилсе, быйылкы 2024-2025- окуу жылына он миң орун бөлүндү. Анын ичинен 3900 IT жана технология, 2400 орун педагогикалык багыттагы адистиктерди даярдоого берилди.

Кабыл алуунун 1-турунда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн. Ал эми 2-турда бюджетке 2613, контракка 6040 талон ташталды. Жыйынтыгында, 2-турдагы системага жалпы 38 миң 911 абитуриент катталды.

Абитуриенттерди кабыл алуу боюнча лидер окуу жай болуп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети табылды. Ага 1-турда жалпы 2462 абитуриент кабыл алынды.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер