БЫЙЫЛ «САНАТТА» ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ

  • 28.08.2025
  • 0

Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган.
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган, – деп Алыкул Осмонов акын атабыз бекеринен жазбаса керек.
Курорт, санаторий, балдар лагери, эс алуу жайлары, конок үйлөрүнүн борбору болгон Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылындагы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Санат” ден соолукту чыңдоочу эс алуу жайында быйылкы жайкы сезондо өлкөбүздүн алыскы-жакынкы район, айылдардагы орто мектептеринде эмгектенген үч жарым миңге жакын мугалим эс алуу менен бирге педагогикалык форум, иш-чараларга катышты. Быйылкы  жайкы эс алуу сезон кандай өтүп, учурда жыйынтыкталып жатканы боюнча пансионаттын директору Алмазбек Кожомкуловго бир нече суроолор менен кайрылдык.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫАлмазбек Аттокурович, быйылкы эс алуу сезону да соңуна чыгып баратат. Сиз жетектеген “Санат”  ден соолукту чыңдоочу эс алууборборунда өлкө аймагындагы канча мугалим  эс алуу менен 12 жылдык билим берүүгө арналган кандай иш-чараларга катышты?  Аларга кандай шарт түзүп бердиңиздер?

— Биздин ден соолукту чыңдоочу эс алуу жайы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине карайт. Өзүңүздөр билгендей Кыргызстанда 95 миңге жакын мугалим бар, биздин пансионат 236 орунга ылайыкташкан. Өлкөбүздүн жети облусунан, алыскы тоолуу райондордон, Баткен жергесинен көбүрөөк мугалимдердин ден соолугун чыңдап,  эс алдыруу үчүн кесиптик кошундар менен сүйлөшүп, эс алуусун уюштуруп берип жатабыз. Мугалимдер көп болгондуктан алардын ичинен 10 пайызын да камсыз кыла албайт экенбиз. Себеби бизде орундар аз, бирок ошентсе дагы июнь айынын аягынан август айынын аягына чейин быйыл 3380 мугалимди эс алдырганга аракет кылдык. Өзүңүздөр билгендей, улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайык быйыл 12 жылдык билимге өтүү боюнча  өлкө аймагындагы мектептердин 2400 мугалимдери, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектеп директорлору ушул биздин эс алуу жайыбызда Агартуу министрлиги менен Билим берүү академиясы уюштурган “Жаңылыктын жарчысы”  форумуна жана башка педагогикалык иш-чараларга катышты.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ Анда алар үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү шарттары, методикалык сунуштар, жаңыланган окуу программалары боюнча  семинар жыйындар өткөрүлдү.   Ушундай иш-чараларды уюштурууда биздин жамаат быйыл өтө активдүү иштеп бердик. Агартуу министрлиги койгон тапшырмаларды жоопкерчилик менен менен аткарып бердик. Форумда жана педагогикалык иш-чараларга катышкан мугалимдер  көл жээгинде  эс алууга да үлгүрүштү. Алыскы аймактардан келишкен айрым мугалимдер Ысык-Көлгө алгач ирет келишкенин, форум, иш-чаралар абдан пайдалуу болгонун айтышып, ыраазычылыктарын да билдиришти.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ— Алмаз мырза, мугалимдердин айлыгы аз экенин баарыбыз билебиз. Ошондуктан алыскы райондордон келип, мектептерде иштеген мугалимдердин эс алуусуна жеңилдиктер барбы? Алар үчүн күн сайын канчалык жеңилдик болду?

— Өзүңүз билгендей, азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлүп баратат, инфляция жүрүүдө. Кыргызстандын улуттук статистика комитети “өлкө боюнча баланча пайыз инфляция болду” дейт го,  биз ал инфляцияны эсепке алсак, мугалимдерге кыйын болуп кетет. Ошондуктан кесиптик кошундарга мүчө болгон мугалимдер үчүн атайын эсеп бар. Биз накчалай акча каражаты менен иштебейбиз. Кесиптик кошундар мугалимдердин мүчөлүк акыларынын эсебине  эс алуу жолдомосунун  акысын бизге которуп беришет. Биз эс алуу бааны койгондо министрлик менен макулдашып, инфляцияны аралаштырбай, жөн гана чыгымдарды кошобуз. Жеген ичкен тамак-ашы, жаткан шейшеби, тазалыгы, эс алуучуларды тейлегендердин айлыгы гана эсепке алынат.  Коопсуздук кызматкерлерден сырткары, бак-дарактардын саны көп, аны отоп түптөгөн, сугарган кызматкерлерибиз бар. Андан сырткары бизде коммуналдык чыгымдар да бар. Электр энериясы, ичүүчү суу жана сугат суулар, таштандыларды чыгаруу жана башка чыгымдар.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫОшондой эле кийинки жылдын сезонуна чейин, бул жерде күзөтчү бар, тейлөөсү бар, бир топ кызматкерлер калат, ошолордун айлыгы да каралган.

Инфляциянын чыгымдарын кошпойбуз, биздин токтомдо да “пайда көрүү максат эмес” деп жазылып турат, мугалимдерди эс алууга жеңилдик менен гана келишет. Мисалы, Бишкек шаарынан келген мугалимдерге  профсоюз бүт чыгымдарын көтөрүп беришти. Кээ бир райондор 50 пайызын төлөп берсе, калган 50 пайызын профсоюз төлөп келгендер бар.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ— Эс алууга келген мугалимдерди канча кызматкер тейлейт? Себеби дегенде бул эс алуу жай башка пансионаттарга салыштырмалуу бак-дарактар жана гүлзарга абдан бай экен.

— Бак- дарактар 30-40 жыл мурда тигилген, биз дагы жаңылап кошумча дагы тиккенбиз. Мен дагы бала кезимден баштап бак-дарактарды көп отургузуп, жаратылышты сактоого, экологияга өзгөчө көңүл бурам. Эс алуу жайдын кыртышы кайрак, алды кумдуу болгондуктан бак-дарактарды тыкат көзөмөлгө алып, маал-маалы менен сугарып,  түптөп, чөптөрүн отоп, жашылдандырып тейлеп турабыз . Өзүңүз көрүп тургандай бизде көлдүн жээги, азыр сугарсаң бир же эки сааттан кийин кургай түшөт. “Ушул бак-дарактар куурап калбасын, алардын санын көбөйтөлү” деп сугат жана отоо менен эртеден кечке алек болуп, эртеден кечке чейин кызмат кылып жүрөбүз. Бизде 50 жакын персонал иштеп,  эс алууга келген мугалимдерди тейлеп, аларга ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылып, педагогикалык конференцияларды жана форумдарды уюштуруу маселесин көп өткөрдүк.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫМындай иш-чараларды жыл сайын өткөрөбүз, быйыл 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткандыктан өзгөчө көп иш-чара болду. Айрыкча быйыл президенттин демилгеси, министрликтин тапшырмасы менен ушундай форум, конференция, семинарларды аябай көп өткөрдүк. Биздин пансионат агартуу министрлигинин эс алуу борбору болгондуктан ар жыл сайын эс алууга келген мугалимдердин санын көбөйтүүгө аракет кылып келебиз. Алыскы райондордон, Баткен, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынан Ысык- Көлдү көрө элек окутуучулар, мугалимдер бар экен.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫБыйыл көлгө алгач ирет келишип, иш-чараларга катышуу катышуу менен ден соолуктарын чыңдап, көңүлдүү эс алып, ыраазы болуп кетишти. Аларга жакшы маанай тартуулоо үчүн  пансионаттын айланасын көрктөндүргөнбүз. Менин башкы максаттарымдын бири- бак-дарактарды кууратпай жана гүлдөрдү отургузуп тигүү. Эс алуу жайдын аймагында гүлдөрдүн түрү жана бак-дарактар, арча, карагай абдан көп.  Эс алуучулар токойдун ичинде жүргөндөй таасирде болушат. Биздин ашканабызда  20га жакын кызматкер иштейт. Учурдагы азык-түлүк, жер-жемиштердин кымбаттыгына карабай, эс алган мугалимдер үчүн тамак-ашты түрдүү жана аш болумдуу кылып, уюштуруп берип жаттык. Андан сырткары,  корпустарыбызда  жатаканаларын ыңгайлуу кылып, тазалыкты сактап, убагында шейшебин жана төшөнчөсүн алмаштырып,  жууп-тазалап кызмат көрсөттүк.  Болушунча маданияттуу тейлөөгө аракет кылдык.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫОшондой эле өкмөттүн тапшырмасы боюнча  жергиликтүү Чок-Тал айыл өкмөтү менен ар дайым тыгыз биргелешип иштеп, кызматташып турабыз. Жаздан баштап, мына күзгө чейин жеке өзүбүздүн пансионаттын аймагын тазалыгына гана көңүл бурбай, айылдагы чоң жолдон эс алуу жайына чейинки эки чакырым аралыкты таштандылардан тазалоо максатында жамаатыбыз менен жума сайын ишембиликке чыгып, эс алуу сезонунда тазалап турдук. Ишембиликтер тууралуу видео отчетту айыл өкмөтүнө жөнөтүп, эс алуу жайыбыздан сырткары аймактын тазалыгына өзгөчө көңүл буруп турабыз.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫМенин оюмча, сезондун аягы болуп жаткандан кийин жыйынтыктаганда көпчүлүк мугалимдер ыраазы болуп кетишкен. Мугалимдердин эс алуусун жакшы уюштуруп бергени үчүн жамаатка дагы ыраазычылыгымды билдирем,  эч ким бизге нааразычылыгын билдирген жок.

— Ысык-Көл районунун жергиликтүү тургундары тейлөө кызматтарында иштеп, колдоо көрсөтүп бериштиби? Же кесиптик окуу жайлардын окуучулары практикадан да өтүп, кызмат кылыштыбы?

— Биз системалык түрдө ишти алып барууга аракет кылдык. Ошондуктан ушундай деңгээлде мугалимдер, эл агартуучуларды тейлөө боюнча ишин билген кызматкерлерди чогулта алдык.  Бул жерде жатакана, тамак-ашы, территориясын уюштурганда көбүнчөсүн министрлик менен кеңешип, алар жардам берип жатышты. Өлкөбүздө кесиптик техникалык окуу жайлар бар го, алардын кызматкерлери окуучуларына тамак жасаганды практикалык түрдө үйрөтүп, ашпозчулардын окуусун окутушат. Ошол окуткан мугалимдер, окуучулар бизге ар жыл сайын келип, практикадан өтүп, кызмат көрсөтүү салтка айланган. Бизде мыйзамдын негизинде өзүбүздүн штаттык түзүм бар, ошого биз министрлик менен макулдашып, мыйзамдын негизинде штаттык тартип түзүп, ошого жараша  кесиптик техникалык окуу жайлардын педагогдоруна жана окуучуларына айлык акыларын төлөп бербиз.  Окуучулар да практикага келип, тейлөө кызматында иштеп, бош убактыларында эс алып, өздөрүнүн кийим-кечегисине, турмушуна акча таап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бердик.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ— Мындан сырткары чет өлкөдөн дагы эс алуучулар келгенби? Мисалы үчүн коңшу мамлекеттерден эс алуучулар келип жатабы?

— Биз чет өлкөлөрдөн келген туристтерди  кабыл алган жокпуз. Жогоруда айтып кеткендей, биздин эң биринчи артыкчылыгыбыз мугалимдерди эс алдыруу, аларды көлдө, эс алуу жайына жайгаштыруу. Жогоруда белгилеп кеткендей Кыргызстан боюнча мугалимдердин саны көп, биздин пансионат баарын кабыл ала албайт,  орунубуз чектелүү. Ошондуктан  башкаларды кабыл алган жокпуз. Чет өлкөлөрдөн,  Бишкек шаарыбыздан кайрылып жатышты, бирок аларды кабыл алууга чолообуз да тийген жок.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ— Эми  жайкы сезон аяктаган учурда, сентябрь же октябрь айында иштеп, башка мугалимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

— Күндүн аптабы кайта элек учурда мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок мектептерде жаңы окуу жылы башталгандыктан мугалимдер  жумушка чыкканына байланыштуу бизге кайрылуу болбой жатат.  Бирок, агартуу министрлигинин тапшырмасы менен бизде жайында 12 жылдык билим берүү маселелери боюнча форумга келбей жана жетишпей калган мугалимдер жана мектептердин окуу бөлүмүнүн башкыларына 15-сентябрда “Жаңылыктын жарчысы” форумунун  жыйынтыктоочу окутуу  семинарын өткөргөнү камылга көрүп жатабыз.  Мурда үлгүрбөй, кээ бир келбей калган мектептерден мугалимдерди кайра чогултуп, 15-сентябрдан 20-сентябрга чейин өткөрүп, биз ошол убакытка чейин иштейбиз.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ— Демек  эс алуу жайында  жакшы ыңгайлуу шарт түзүлөт экен. Бирок эс алуучулардын  коопсуздугун сактоо жагдайы кандай?

— Эс алууга келген мугалимдердин коопсуздугун сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуат. Министрибиз Догдуркүл Шаршеевнанын эң биринчи тапшырмасы коопсуздукту кароо, мугалимдерди көбүрөөк эс алдыруу. Быйылкы форумда мугалимдер келип, он эки жылдык билим берүү программасы боюнча семинарларга катышып, ошондо кечке семинарды өткөрө бербей, ошол убакытты туура пайдаланып, үнөмдөп, мугалимдерди эс алдырууга да аракет кылдык.

Алар да иштегенге шарты түзүп берүү үчүн клуб бар, эки конференция залыбыз бар. Алар дагы заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз болгон.  Эс алуу жайында корпустар, конференция залдар интернетке кошулган. Бардык шарттар жетиштүү, ошолорду уюштуруп, иш алып барып, коопсуздугу да көзөмөлгө алынган.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ— Мындан сырткары ушул мугалимдердин арасында ар жыл сайын спартакиада жана мелдештер өткөрүлүп жүрбөйбү? Ушундай мелдештерди ушул жерде уюштурууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

— Эгер мугалимдер бизге өздөрүнүн каалоо тилектерин айтса, биз уюштуруп берүүгө даярбыз. Бирок 1500ден ашуун мугалим быйылкы педагогикалык форумга катышкандыктан эс алуусуна да убакыт бөлүп, чакан топтор арасында волейбол, футзал, үстөл теннис мелдештерин  өткөрүүгө аракет кылдык.  Андан сырткары көлдүн жээгинде ар кандай жакшы иш-чараларды өткөрүп, маанайын көтөрүүгө аракет кылдык.

БЫЙЫЛ «САНАТТА»  ҮЧ ЖАРЫМ МИҢГЕ ЖАКЫН МУГАЛИМ ЭС АЛДЫ Пансионаттын эс алуу потенциялын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу, келген эс алуучуларга шарт түзүү боюнча бүгүнкү күндө да тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп жатса керек?

– Ооба, эс алуу жайында эс алуучулар үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, имараттардын сырткы келбетин талаптагыдай ирээтке келтирүү иштери, коопсуздук маселелерине көңүл буруп, тиешелүү көл жээкте куткаруучу жана керектүү белгилер (буйларды), куткаруу шаймандар жана сууга түшүү эрежелери тууралуу маалымат такталар  менен камсыздоо, жайкы эс алуу мезгил учурунда таштандыларды убагында тазалоо жана көл жээктерде таштандылар үчүн урналарды орнотуу, жалпы тазалыкка көңүл буруп, көл жээктин тазалыгына жоопкерчилик алуу,  саркынды сууларды тазалоочу жайды толук ирээтке келтирүү жана ремонт иштерин жүргүзүү боюнча милдеттүү түрдө паспорт алуу иштери колго алынып, милдеттерди так аткарууга аракет кылдык.

-Алмазбек мырза,  жакшы маегиңиз үчүн рахмат. Эл кызматында, агартуу кызматкерлеринин эс алуусуна салым кошуп, эсен болуңуздар!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер