БУУнун Башкы катчысы: Жасалма интеллект доорунда дүйнө илимий жетекчиликке муктаж
- 05.03.2026
- 0
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жасалма интеллект боюнча көз карандысыз эл аралык илимий топтун биринчи жыйынында сөз сүйлөп, эксперттердин алдында турган тарыхый жоопкерчиликке токтолду. Анын айтымында, БУУнун Башкы Ассамблеясы бул топко жасалма интеллекттин глобалдык өнүгүүсү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу милдетин жүктөгөн.
Технологиянын тездик менен өнүгүшү
Илимий топтун мүчөлөрүн дайындалышы менен куттуктаган Гутерриш азыркы учурда технология болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, эксперттер дүйнө коомчулугуна так жана илимий негизделген багыт көрсөтүшү керек. «Эгер кимдир бирөө бүгүн өзгөрүүлөр өтө тез болуп жатат деп ойлосо, келечекте азыркы учур эң жай мезгил болуп көрүнүшү мүмкүн», – деди БУУнун башчысы.
Жасалма интеллект жөнүндө глобалдык түшүнүк керек
Гутерриш 2017-жылы Башкы катчы кызматын жаңы баштаганда «жасалма интеллект» түшүнүгү дүйнөлүк лидерлердин сөзүндө сейрек кездешкенин эске салып, бүгүнкү күндө бул технология экономикага жана коомго олуттуу таасир тийгизип жатканын белгиледи. Анын айтымында, бир дагы мамлекет, компания же илимий тармак жасалма интеллекттин толук картинасын өз алдынча түшүнө албайт. «Дүйнөгө жасалма интеллект тууралуу жалпы, глобалдык түшүнүк абдан керек. Ал идеологияга эмес, илимге; жалган маалыматка эмес, билимге негизделиши зарыл», – деди Гутерриш.
Эксперттердин маанилүү милдети
БУУнун башчысы геосаясий чыңалуулар күчөп, дүйнөнүн айрым аймактарында чыр-чатактар уланып жаткан учурда көз карандысыз жана ишенимдүү илимий баалоонун ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Топтун негизги милдеттеринин бири – жасалма интеллекттин социалдык жана экономикалык таасирин баалоо. Гутерриштин айтымында, бул технология келечекте тынчтыкка жана коопсуздукка, адам укуктарына жана туруктуу өнүгүүгө олуттуу таасир этет.
Көз карандысыз иш алып баруу
Эксперттик топтун иши жасалма интеллектти башкаруу боюнча жыл сайын өткөрүлө турган биринчи глобалдык диалогдун негизин түзөт. Топтун бардык мүчөлөрү өкмөттөрдүн, компаниялардын же БУУнун өкүлү катары эмес, жеке эксперттик сапатында иш алып барышат. Башкы катчы кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу механизмдери сунуштардын калыс жана ишенимдүү болушуна жардам берерин белгиледи. «Мен бүгүнкү күндө дүйнө үчүн мындан маанилүү маселе бар деп ойлобойм», – деп жыйынтыктады Гутерриш. Ал эксперттерге БУУ системасы толук колдоо көрсөтөрүн да кошумчалады.
Нурлан Кыдыков,
“Кут Билим”
Комментарийлер