“БУЛЛИНГГЕ ЖОЛ ЖОК” АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ

  • 20.02.2025
  • 0

“БУЛЛИНГГЕ ЖОЛ ЖОК” АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ 20-февраль күнү  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинде  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен  Билим берүү жана илим министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен бирдикте  Кыргызстандын мектептериндеги мектеп буллингин алдын алууга, окуучулардын зомбулуктун жана дискриминациянын кесепеттери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле балдардын коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө активдүү позициясын өнүктүрүүгө багытталган “Буллингге жол жок” аттуу Форум өткөрдү.

“БУЛЛИНГГЕ ЖОЛ ЖОК” АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮФорумга Бишкек шаарындагы орто мектептердин мугалимдери, мектеп парламентинин өкүлдөрү, жогорку класстардын окуучулары катышып, мектептердеги зордук-зомбучулуктун, рэкетчиликтин коркунучу, балдар үчүн кесепеттерин алдын алуу, буллингге каршы күрөшүүдө мугалимдер менен ата-энелердин ролу боюнча  ой-пикирлер, сунуштар айтылды.

“БУЛЛИНГГЕ ЖОЛ ЖОК” АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮКыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актерлеру мектептеги зордук-зомбучулук тууралуу театралдык көрүнүш аткарып беришти.

 Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер