БРИКС сынагындагы студенттердин ийгилиги
- 11.10.2024
- 0
BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 – алдыңкы технологиялар жана көндүмдөр боюнча эл аралык сынакта «Ата-Тоо” Эл аралык университетинин студенттери ийгилик жаратты.
Окуу жайдын IT факультетинин студенттери Чолпон Халибаева, Майрам Кенжебек кызы жана Нурсултан Курманбеков аталган эл аралык сынакта “графикалык дизайн”, IT & Business колледжинин студенти Адилет Усенканов “Веб-технологиялар” компетенциясы боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында, Чолпон Халибаева 3-орунду багындырып, улуттук рейтинг боюнча 1-орунга чыкты. Ал эми Майрам Кенжебек кызы улуттук рейтинг боюнча күмүш медалга татып, Нурсултан Курманбеков “Дрон” компетенциясы боюнча онлайн форматтагы катышуучулардын арасынан 1-орунду ээлесе, Адилет Усенканов “веб-технологиялар” компетенциясындагы категориялардын биринде алтын медаль жеңип алды.
Чолпон Халибаева: “Негизги максат ар кандай тапшырмалар үчүн визуалдык материалдарды, анын ичинде дизайн-макеттерди жана иллюстрацияларды түзүү болгон. Олимпиада графикалык редакторлор аркылуу көндүмдөрдү, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүп, жаңы шарттарга тез көнүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тажрыйба менин кесипкөйлүгүмдү арттырып, убакыттын тардыгында иштөөгө үйрөттү. Албетте, бул менин келечектеги карьерам үчүн абдан маанилүү. Мен Андрей Ермаковго анын туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет.”
Адилет Усенканов: “Контентти башкаруу тутумун колдонуп, веб-сайттарды иштеп чыктым, ошондой эле сервердик тиркемелерди иштеп чыгып, аларды орноттум. Убакыттын жетишсиздиги сыяктуу кыйынчылыктар болду, анткени ар бир модулга үч саат берилди, бул өтө кыска убакыт. Ошондой эле республиканын аймагындагы туруксуз интернет байланышы болду. Бирок ага карабастан, мен бардык тапшырмаларды өз убагында жана так аткара алдым. Кураторум Артур Давлетшинге анын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем.”
Комментарийлер