Борбор калаада балдар аянтчасы ачылды

  • 19.09.2023
  • 0

Бишкектин Биринчи май районунун «Достук» жаңы конушунда көп функционалдуу жаңы спорт аянтчасы жарандык демилге менен ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулар үчүн чакан концерттик программа уюштурулду. Ага ырчы Кайрат Примбердиевдин жана балдар аниматорлорунун өнөрлөрү тартууланып, майрамдын аягында балдарга бекер балмуздак таратылды.

Белгилей кетсек, балдар аянтчасы 18 сотыхты түзүп, үч зонага бөлүнгөн — воркаут, чоңдор жана балдар үчүн.

Бөлүшүү

Комментарийлер