БООРДОШТУГУБУЗ ТҮБӨЛҮК БОЛСУН!

  • 14.12.2025
  • 0

ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясында 15-декабрды Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү катары белгилөө демилгеси бир добуштан колдоого алынды. Бул сунушту Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү ЮНЕСКОнун дагы 26 мүчө-мамлекети менен биргеликте көтөрүшкөн.

БООРДОШТУГУБУЗ ТҮБӨЛҮК БОЛСУН!

Тил, тарых жана маданият бириктирет

Бул күндүн 15-декабрга туура келиши да жөн жерден эмес. Анткени дал ушул күнү, 1893-жылы даниялык окумуштуу Вильгельм Томсен Орхон жазууларындагы байыркы түрк алиппесин чечмелегенин жарыялаган. Бул окуя түрк элдеринин тарыхы менен маданиятынын терең тамырын айкын көрсөткөн улуу илимий ачылыш катары бааланат.

ЮНЕСКОнун чечиминде белгиленгендей, түрк тилдеринде бүгүн дүйнө боюнча 200 миллиондон ашуун адам сүйлөйт. Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн белгилөө — тилдик жана маданий мурастарды сактоого, түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам.

4-ноябрда Самарканд шаарында Түрк маданияты жана мурасы фондунун атайын иш-чарасы өтүп, анда түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү демилгесине жана түрк элдеринин орток маданий мурасына арналган долбоорлор тааныштырылган болчу.

Фонддун президенти Актоты Раимкулова билдиргендей, бул демилге үстүнөн алты жылдан ашык убакыт иш жүргүзүлгөн.

— Бизди тил, тарых жана маданият бириктирет. 15-декабрды Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү деп жарыялоо — биздин биримдикти жана орток мурасты дүйнөгө таанытуу символу, — деди ал.

Иш-чаранын алкагында түрк элдеринин фольклордук мурастарын чагылдырган антологиянын биринчи тому сунушталып, долбоор кийинки жылдары да улантылары белгиленген.

Серепчилердин баамында, ЮНЕСКОнун бул чечими түрк дүйнөсүнүн маданий жана тилдик биримдигин эл аралык деңгээлде тааныган жаңы тарыхый окуя болуп, түрк мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтыгын жана маданияттар аралык диалогун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Түрк тилдүү элдердин достугу – миң жылдык мурас

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Т.Досмуратовдун берген маалыматына таянсак, тамыры тереңде, тарыхы бир, тили окшош түрк элдери бүгүн да бир туугандык байланышын бекем сактап келет.

— Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде 15-декабрда түрк тилдеринин күнүнө арналган иш-чаралар өтөт.  Бизди бириктирген – ата-бабадан калган боордоштук, урмат-сый, маданиятка болгон сыймык жана бир идеалга умтулуу. Тил – бир, дил – бир, максат – бир. Бүгүнкү күндө түрк дүйнөсү билим, маданият, спорт, экономикалык өнөктөштүк сыяктуу көптөгөн багыттарда чогуу өнүгүүдө. Биримдик болгондо – күч бар, достук болгондо – өнүгүү бар. Түрк элдеринин биримдиги – келечекке жол ачкан кубаттуу көпүрө, — дейт жетекчи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер