БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОР БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БААЛОО СИСТЕМАЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 17.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун Баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине Кыргызстандагы окуучулардын билимин баалоо системалары боюнча конок-лекция өттү.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОР БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БААЛОО СИСТЕМАЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫБОЛОЧОК ПЕДАГОГДОР БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БААЛОО СИСТЕМАЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Мира Мыкыева КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 2- жана 3-курстарынын студенттерине «Баалоо» улуттук программасы (мурдагы Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо), «Критерийдик баалоо методологиясы», «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» каражаты, Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук инструмент жана эл аралык PISA тестирлөөсү тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Мындан сырткары «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун багыттарына токтолду.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОР БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БААЛОО СИСТЕМАЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫБОЛОЧОК ПЕДАГОГДОР БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БААЛОО СИСТЕМАЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Белгилей кетсек, окуу жайдын долбоор менен кызматташуусунун алкагында учурда университеттин 26 окутуучусу 4 программа боюнча кесипкөйлүктү жогорулатуу курстарынан өтүп жатышат. Алар өз кезегинде республикадагы педагогдордун билимин жогорулатуу иштерине тартылышы күтүлүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер