БОЛОЧОК КУРУУЧУЛАР ПРАКТИКАДА

  • 28.04.2025
  • 0

ОшТУнун архитектура жана курулуш институтунун СТР-1-23 тайпасынын студенттери “Бизнес Хаус КГ” ЖЧКсы курулуш компаниясы жана “АСМАН РЕЗИДЕНС” курулуш компаниясы тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларында болушту.

Теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатын көздөгөн  студенттер аталган ишканалардын ишмердүүлүгү менен кенен таанышып келишти.

Белгилей кетсек, институтта студенттердин келечекте жумуш менен камсыз болуусуна чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Институттун агартуучулары “Москва сити” уникалдуу курулушунун авторлорунун бири ОшТУнун архитектура жана курулуш институтунун бүтүрүүчүсү экенин сыймыктануу менен белгилешет.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер