БИШКЕКТИН АК-БАТА КОНУШУНДА 650 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА
- 22.01.2025
- 0
Учурда имараттын кирпич дубалдарын тургузуу жана чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле электр чубалгыларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, мектеп курулуп жаткан жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 гектарды түзөт. Билим берүү мекемесинде 20 класс каралган, анын ичинде 6 башталгыч класс, 14 жогорку класс. Ар бир класс 26-30 окуучуга ылайыкталган.
Окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, тамактануучу жай, тиш дарылоочу бөлмө, балдар үчүн устакана, жыйындар залы каралган. Имарат көмүр-газ менен жылытылат.
Курулуш иштерин “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер