БИШКЕКТЕГИ ЖАТАК МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНДЕГИ «ПОЭЗИЯ -МЕНИН ЖАН ДҮЙНӨМ «АТТУУ КЕЧЕ
- 06.12.2024
- 0
Бүгүн 6-декабрда Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы жалпы билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде адабият күнүнө карата «Поэзия -менин жан дүйнөм «аттуу иш-чара болуп өттү. Поэзия кечесине Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, акындар Нургүл Качканакова менен Назира Арин кызы катышты. 8-класстын окуучулары акындардын ырларын окуучулар көркөм окуп беришти. Окуучулар акындарга адабият, позия, чыгармачылык, окуучулук күндөрү тууралуу суроолорун беришип, ынанымдуу жоопторду алышты.
Акын Нургүл Качканакова 1986- жылы Украинанын Запорожье шаарында 2 жылдык аскердик техникалык окуу жайын аяктаган. КРнын «Кыргыз акын- жазуучулары» коомдук фондунун жана «Кыздар ай чыгармачылык бирикменин мүчөсү жана байкоочу кеңештин орун басары.
Акындын ырлары «Кыздар ай» 6-7 альманах китептерине, «Ала-Тоо», «Аялзат» журналдарына, «ПЕГАС» эл аралык журналына жарыяланган. Ошондой эле өзбек, казак тилдерине ырлары которулган. Коомдук уюмдардын, фонддордун дипломдор, грамоталар, алкыш каттары менен сыйланган. Эл аралык «Гүлсара Момунова» атындагы медалдын лауреаты. 63 жашта болсо дагы учурда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият искусство университетинин драматургия-сценарий күндүзгү бөлүмүнүн 4-курсунун студенти. Ошондой эле Москва шаарындагы М. Горький атындагы адабият институтунун Бишкектеги 2 жылдык филиалында билим алууда. «Күз ажары», «Кыял толкуну», «Аманат бала»,»Жан дүйнөм» аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Назира Арин кызы Назира окуучулук кезинен бери уулу акындардын ырларынан таасир алып, ыр жазып, чыгармачылык менен алектенет. Учурда жеке ишкер. Республикалык гезит- журналдарга ырлары жарыяланган.Бир нече ырлары каракалпак, өзбек, казак, азербайжан тилдерине которулган.
Жатак мектептин 8-в классынын окуучусу, жаш талант Арууке Акматова Арууке өзү жазган «Жан дүйнөм»аттуу ырын окуп берди.
Кеченин соңунда жатак мектеп-лицейдин директору Жыргалбек Курманбеков акын эжелерге окуучуларды китеп окууга, адабиятка, позияга шыктандырганы үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Акындар жатак мектептин китепканасына жана ырларын көркөм окуган окуучуларга китептерин белек кылышты.
-Окуучулардын адабиятка, поэзияга, чыгармачылыкка кызыкканы кубандырды. Окуучулук күндөрүм эсиме түшүп, балалыкка кайрылып баргандай таасирде калдым. Менин дагы ондон ашык неберелерим бар. Мен дагы алтымыштан ашсам дагы билим алуунун эрте-кечи жок дегендей учурда Кыргыз мамлекеттик маданият искусство университетинин драматургия-сценарий күндүзгү бөлүмүнүн 4-курсунун студенти болуу менен неберелерим менен сабактарга даярданып, окуп жүрөм. Балдардын жан-дүйнөсүн ойготкон, көркөм табитин жогорулаткан, адабиятка кызыгуусун арттырган ушундай кечени уюштурган жамаатка ыразыбыз, -дейт акын Нургүл Качканакова.
8-класстар аралык өткөрүлгөн позия кечеси тарбиячылар Айна Сулайманова жана Замира Ибраимованын демилгеси менен уюштурулду.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер