БИШКЕКТЕГИ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ
- 27.08.2025
- 0
27-августта Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, КР Билим берүү академиясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өлкөдөгү жеке менчик билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн “Алтын казык” программасы билим берүүдөгү масштабдуу трансформация” аталыштагы педагогикалык форум өткөрүүдө.
Мында 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жаңы модели, мамлекеттик билим берүүнүн жаңы предметтик стандарттары, интеграцияланган окуу программалары, өткөөл базистик окуу пландары тууралуу Билим берүү академиясынын кызматкерлери жана адистер кеңири баяндамаларды жасап, суроолорго жооп беришти.
Бул форум тууралуу Бишкек шаарындагы Учур Эл Аралык мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Самакова мындай деди.
-Бүгүнкү иш-чарада өлкөбүз улуттук билим берүүнүн жаңы моделине өтүп жаткандыктан абдан маанилүү маселелерди камтыганы менен баалуу болуп, жалпы педагогдордун ишмердигине чоң салым кошуп жатат. Билим берүү академиясынын кызматкерлер 12 жылдык билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр, мамлекеттик билим берүүнүн жаңы предметтик стандарттары, интеграцияланган окуу программалары тууралуу кеңири айтып, түшүндүрүп беришти. Биздин суроолорго дагы жооп беришип, кайсы багытта окутуу усулдарын колдонуу боюнча сунуштарын айтышты. Жаңы мектеп босогосун аттап келип жаткан алты жаштагы жеткинчектерге кандай мамиле кылыш керек, компотенттүүлүктү өнүктурүү маселелерин, 5–класстардын интеграцияланган окуу программалары тууралуу жана 7-класска секирүүгө даярдоо боюнча кеңири түшүнүк алдык. Жеке менчик билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн абдан пайдалуу форум болду.
Билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшееванын айтымында өлкөнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн 2025-2026-окуу жылдарына карата методикалык сунуштар, мамлекеттик билим берүүнүн жаңы предметтик стандарттары, интеграцияланган окуу программалары “Кут Билим” гезитинин 15-августтагы жаңы санына жана сайтына жарыяланып, жалпы педагогдорго сунушталган.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер